Аскердик баскынчылыктын жана Тажикстандын баскынчылык актысынын натыйжасында 59 жаран каза болду (так саны дагы такталууда), анын ичинде карапайым калк жана эр жүрөк аскер кызматкерлери да бар. Курман болгон жоокерлер – өлкөбүздүн баатырлары. Биз алардын ысымдарын түбөлүккө калтырышыбыз керек. Алардын ысымы көчөлөргө, айылдарга берилиши керек. Ар бири кыялданып, жашоосун пландаган канчалаган жаш жигиттер каза болгонун түшүнгөндө жүрөгүм ооруйт. Мунун баары Тажикстанда орноп калган диктатуранын айынан, баары саясаттын айынан. Каза болгон жарандардын жана аскерлердин бардык туугандарына жана жакындарына сабыр, кайрат тилеп көңүл айтам. Алардын ысымдары унутулуп калбашы үчүн колубуздан келгендин баарын кылышыбыз керек. Баарыбыздын башыбызда тынчтык, мекен үчүн жанын берген жигиттердей эрдик жана ынтымак болсун.

День траура.

В результате военного вторжения и акта агрессии со стороны Таджикистана погибло 59 граждан ()цифра ещё уточняется), среди которых мирные жители и доблестные военнослужащие. Погибшие военнослужащие герои нашей страны. Их имена мы обязаны увековечить. Их именами надо называть улицы и сёла. Больно осознавать, что погибло столько молодых ребят, каждый из которых мечтал и планировал свою жизнь. И всё это из-за диктатуры, установившейся в Таджикистане, всё из-за политики. Всем родным и близким погибших мирных граждан и военных терпения, мужества и мои соболезнования. Нам же нужно сделать всё, чтобы их имена не были забыты. Всем нам мира над головой, единства и мужества как у ребят, отдавших жизнь за родину.