6-чакырылыштагы парламенттин ишмердигине бардык эл күбө болду.

Бул парламенттин аткарган ишинин жыйынтыгын көрүп, парламентаризм үчүн добуш бергиле деп айтуу кыйын.

Ооба.

6-чакырылыштагы парламенттин деңгээли үчүн кечирим сурайм. Бирок, мен алар учун жооп бере албайм.

Парламент жана ПАРЛАМЕНТАРИЗМ экөөнүн айырмасы асман менен жердей. Башкаруунун кандай формасын тандабайлы, баары бир парламент болот. Парламент Кытайда, Туркменистанда, Афганистанда, Сауд Аравияда, Түндүк Кореяда бар.

Парламент- мыйзам чыгаруучу орган.

ПАРЛАМЕНТАРИЗМ- жоопкерчиликтин баары премьер-министрге берилген башкаруу формасы. Ал эми премьер-министрди, шайлоодон жеңишке жеткен партия көрсөтөт.

Президенттик республикаларда парламенттин курамын өлкө башчысы бекитет. 2015-2020-жылдардагы парламенттик шайлоодо дал ушундай болгон. Партиянын лидерлери партиялык курамды президенттин макулдугу менен бекитишкен. Башкача айтканда « чимкирик-депутаттарды» президент тандаган. Эл депутаттарга эмес, партиялардын аталыштарын тандоо үчүн добуш беришкен. Чимкирик-депутаттар президент үчун ыңгайлуу болгон, жана алардын фонунда акылдуу көрүнгүсү келген.

ПАРЛАМЕНТАРИЗМДЕ депутаттардын тизмесин партия жана жарандар түзөт.

Учурда өлкөдө башаламандык өкүм сүрүүдө. Тартипке келтирип, туруктуулукту орнотуу үчүн катуу бийлик керек.

ПАРЛАМЕНТАРИЗМ хаоско алып келиши мүмкүнбү?

Жок. 

Бизге катуу бийлик, темирдей тартип керек. Бирок буга биз парламенттик башкаруу формасын тандап алган учурда жетишебиз. Кантип?

1 адам сот бийлигинен тышкары бардык нерсеге жоопкерчиликтүү болот. Ал жеңишке жеткен партия тарабынан сунушталган премьер-министр болот. Премьер-министр жаңылыштык кетирген учурда парламент көзөмөлдөөчү механизмин ишке киргизет. Ошондо бийлик бир кишинин колуна топтолбостон, элдин тандаган өкүлдөрү менен бирге иш алып барып, элдик бийлик орнойт. Бир катар өнүккөн Европа өлкөлөрү, Германия, Сингапур, Япониядагы башкаруу формасы парламенттик, башкача айтканда жоопкерчиликтин барын мойнуна алган премьер-министрдин колуна өткөндөн кийин өнүгө баштаган.

Депутаттык мандаттарды саткан учурлар кадыресе көрүнүш болуп жатат.

Партиялар ПАРЛАМЕНТАРИЗМди бизнеске айланткан учурда кантип өнүгөт?

Тезинен мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү керек. Партиялар ар бир округдан талапкерлердин тизмесин сунушташы керек. Ошондой эле жарандарга партияны эле тандабастан, талапкерди дагы тандоо укугун беруу абзел.

Мисалы, Ысык-Көлдүктөр көлдүн тургунун талапкер катары көрсөтүп шайлап алса, партиялар округдагы эл менен тыгыз иш алып барат жана шайлоо учурундагы берген убадаларын жоопкерчиликтүү аткарат. Шайланган депутат кийинки шайлоодо да жеңишке жетүү үчүн убадаларын аткарып, эл менен иштейт. Бир партиядан экинчи партияга өтүүнүн да кажети жок болот. Себеби, эл талапкердин өзүнө дагы добуш берет да. Канча көп добуш алсаң парламентке өтөсүң, демек партиядан тышкары талапкерге дагы добуш берүү менен чыныгы эл өкүлдөрүн тандап алса болот.