2016-жылдын 8-февралынан 12-февралына чейин депутаттык ишмердүүлүк тууралуу отчет.

Алгач жуманын башталышында “Ататюрк-Алатоо” эл аралык университетинин студенттери менен жолугуп, ар түрдүү темаларда кызыктуу дискуссия өткөрдүк. ЖОЖдун ректору студенттерге кандай окуу шарттары түзүлүп берилгендиги тууралуу баяндап берди.

Жогорку Кеңештин имаратына экскурсия өткөрүү салтын кайрадан жандарууну чечип, жуманын ортосунда, 10-февралда “Лидер” жаштар клубунун мүчөлөрүн экскурсияга чакырдым. Экскурсиянын соңунда жаш активисттер менен менин кабинетимде ийгиликке кантип жетүү керек, кээ бир тарыхый темаларды изилдөө, журналисттик иликтөөлөр жана менин билим берүүга карата көз караштарым тууралуу маектештик.
Кабыл алуу күндөрү жарандарды кабыл алдым. Бишкек шаарындагы 7 кичи районундагы мурун Мэрия тарабынан сатылып кеткен жер тилкесин талашуу тууралуу соттук иш бонча кайрылуу түштү. Депутат сот иштерине кийлигише албай тургандыгын кайрылган жарандарга түшүндүрдүм, бирок билимдүү юрист табууга жардам беришим мүмкүн. Мындан тышкары, кабыл алууга келген жарандар курулуш курууга уруксаттама (лицензия) алууга жардам сурап кайрылышкан. Кызматтык уюлдук номерге (+996 559 205 510) материалдык жардам боюнча жана юридикалык консультация суроо жөнүндө көптөгөн кайрылуулар түшкөн.

Менин дарегиме бир катар жазуу түрүндө дагы кайрылуулар келди. Мисалы, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардан санариптик көрсөтүү үчүн ресивер алууга көмөк көрсөтүү жөнүндө арыз. Социалык өнүктүрүү боюнча министирлигине тийиштүү кат жөнөтүлдү (Министирликтен жардам берүү тууралуу макулдашылды ). Бир катар жарандар пенсияны кайрадан эсептөө тууралуу кайрылышты. Алардын айтымында, Социалдык фонд тийиштүү түрдө түшүндүрмө берген эмес. Ошондой эле жергиликтүү кеңештин депутаттары “Марко Поло” породасындагы тоо эчкилерине жана башка жаныбарларга аң уулоого тыюу салуу киргизүүн суранышкан. Парламентте депутаттар мындай демилге киргизгендиги тууралуу жана мен аларды толугу менен колдоорумду билдирип, кесиптештерим демилгелеген мыйзам долбоору жөнүндө кеңири маалымат бердим.

Мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгү:
1) Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети мен сунуштаган “Кыргыз Республикасындагы элдик мыйзам чыгаруу демилгеси жөнүндө” Мыйзамына киргизилген түзөтүүлөрдү үчүнчү окууда кабыл алышты.
2) Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитеттин кароосуна Өкмөткө төмөнкүдөй тапшырмаларды берүүнү демилегеледим:
юридикалык жактарды мамлекеттик каттоону жана жоюлуу процедураларын жөнөкөйлөштүрүү,
юридикалык жактарды онлайн режиминде каттоого шарттарды түзүү,
Юстиция министирлигинин юридикалык жактардын түзүлүүсүн жана жоюлуусун каттоо функциясын салык органына берүү (мына ушул учурда “бирдиктүү терезе” принциби ишке ашат). Коммерциялык эмес уюмдары үчүн Юстиция министирлиги менен түзүлүү жана жоюлууну макулдашуу керек,
салык органында бири-бирин кайталаган процедураларды жоюп, ишкерлерди тейлөө үчүн дурус шарттарды түзүү.
Бул сунуштарды кызуу талкуулагандан соң, депутаттар менин демилгемди колдошту.
3) Парламенттик отурумда эркин экономикалык зоналардын ишмердүүлүгүн жакшыртуу тууралуу Жогорку Кеңештин токтомунун долбоорун жактадым. Токтом Өкмөткө төмөнкүдөй тапшырмаларды берүү мүнөздө даярдалган:
үч айлык мөөнөттө «Бишкек» ЭЭЗ, «Нарын» ЭЭЗ, «Маймак» ЭЭЗ, «Каракол» ЭЭЗ, «Баткен» ЭЭЗ иштерине талдоо жүргүзүү жана алардын кийинки келечегин аныктоо,
мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча салык жана камсыздандыруу төгүмдөр боюнча ставкалар минималдуу болгон эркин экономикалык зоналарды атайын салык зонасына которуу.
Токтом, мындан башка дагы маанилүү тапшырмаларды камтыйт. Депутаттар менин демилгемди колдошту. Бул токтом Өкмөттү эркин экономикалык зоналарда иштөөнү каалаган ишкерлерге атаандаштыкка туруштук берүүгө өбөлгө түзүүчү чечимдерди кабыл алуусуна түрткү берет.
4) Биринчи окууда мен сунуштаган оң рулдуу 2015-жылдын 4-июнуна чейин алынып келинген автоунааларды каттоого уруксат берүүчү мыйзам долбоору кабыл алынды.Бул мыйзам долбоору мыйзамдардагы катааны жоюу максатында киргизилген. Парламенттин V чакырышыны 2015-жылдын 4-июнунан баштап оң рулдуу автоунааларды алып келүүгө тыюу салуу боюнча чечим кабыл алган. Ошону менен бирге 2015-жылдын 4-июнуна чейин аланып келинген автоунааларды каттоого дагы тыюу салынып калган.
5) Президенттин Жарлыгынын негизинде түзүлгөн жумушчу топтун кароосуна “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү сунуштадым. Тактап айтсам:
шайлоочуларды шайлоочулардын тизмесинен текшерүү тууралуу маалымдоо практикасын токтотуу,
президентикке талапкерлер үчүн шайлоо күрөөсүнүн көлөмүн жогорулатуу (азыр күрөөнүн көлөмү 100000 сомду түзөт).

Пленардык жыйында төмөнкү суроолор боюнча сүйлөдүм:
Жол кайгуул кызматкерлери менен салык инспекторлору бирдикте мыйзамсыз такси айдоочуларын табуу үчүн рейд жүргүзүү тууралуу мыйзам долбоорунун кажети жок экендиги жөнүндө бир катар жүйөөлүү фактыларды келтирдим. Натыйжада, мыйзам долбоору четке кагылды,
автомобилдик бензин куючу станцияларды, резервуарларды, бактарды пломбалоонун кереги жок экендиги тууралуу. Ошондой эле мунай затынын көлөмүн жана алар сакталуучу бактарды көчүрүүсүн көзөмөлдөө үчүн электрондук каражаттарды колдонууну сунуштадым.

Жуманын аягында фракциянын отурумуна катышам, андан кийин парламенттик Координициялык кеңешме, тегерек стол сыяктуу ар кандай иш чараларга барам.

Опубликовано 12.02.2016