Жогорку Кеңеш бүгүн, 16-апрелде шаарлардын башкы планын ачыкка чыгара турган мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды. Мыйзамдын демилгечиси — депутат Дастан Бекешев.
Буга чейин депутат:
"Жарандар өз шаарынын башкы планы менен тааныш болууга тийиш. Азыр ал көпчүлүктүн көзүнөн далдоо сакталат. Ал планды адеп түзүлгөндө коомдук талкууга алып чыгып, бекитүү тартиби да камтылды",- деп билдирген эле.
16/04/2014
Шилтеме