Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев кечээ, 28-августта Бишкек шаарынын 7-кичи районунун тургундары менен жолугушту.
Жолугушууда эл өкүлү, анын жумушчу принциби – тыкандык, ачыктык жана отчеттуулук экенин белгиледи.
Ошондой эле жолугушууда Д.Бекешев жөнүндө — ал кантип чоңойгон, жогорку билимди кайдан алган, күнүмдүк жумушу, үй-бүлөсү тууралуу кыскача тасма көрсөтүлдү.
Ал эми жашоочулар депутаттан өз суроолоруна жооп ала алышты.
29-08-2015
Ссылка