УКМКнын соттун чечими жок жарандарды тыңшоо боюнча мыйзам долбооруна Дастан Бекешев жалгыз каршы добуш берди. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине депутаттын өзү тастыктады.УКМК тыңшоо, электрондук жана башка каттарды окуу, үйгө соттун чечимисиз кирүү боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыккан. Буга чейин мыйзам долбоорун парламентарийлердин кабыл алуусу жана кол коюусу үчүн Жогорку Кеңешке сунуштаган.