Бүгүн, 6-июнда ЖКнын жыйынында депутат Дастан Бекешев саясатчылар, серепчилер, журналисттер өкмөт бийликти митингчилерге алдырып койгонун айтып жатканын билдирди. “Бийлик алсыз болуп калдыбы? Ушул суроого жооп бериңизчи”,- деди эл өкүлү.

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев муну четке кагып “өкмөт сүйлөшүү жолу менен кырдаалды жөнгө салганы чоң жетишкендик. Мен айткам “бир дагы жерде курал колдонбойсуңар” деп. Жалал-Абаддагы жана Жети-Өгүздөгү окуялар боюнча кылмыш иши козголгон, уюштуруучулар мыйзам чегинде жооп беришет. Бул жакшы ойлонуштурулган, уюшулган акция болду”,- деди.

Депутат Дастан Бекешев акимдерди, өкмөттүн облустагы өкүлчүлүктөрүн шайлоодо абройлуу кишилерди кызматка коюу керектигин айтты.

6-июнь, 2013-ж.

Источник: http://www.super.kg/kabar/?action=kabar_show&janylyk_id=21660