“Кызмат учурунда каза болгон чек арачыларга, милицияга төлөнгөн компенсация аз, ал эми саясий кызматтардагыларга миллиондор берилет”, — деп нааразы болгон депутатты бул жуманын лидери деп аныктадык.
11-декабрдагы парламенттин жалпы жыйынында «Ар-Намыс» фракциясынын депутаты Дастан Бекешев өкмөттөн Кыргызстанда кызматтык милдеттин аткаруу учурунда каза болгонуна байланыштуу төлөнүүчү компенсациянын суммасын көтөрүүнү суранды.
«Кызматтык милдетин аткаруу учурунда каза болгонуна байланыштуу төлөнчү компенсация боюнча көйгөй бар. Чек арачыларга төлөнгөн сумма аз, милицияныкы андан да аз. Ал эми саясий кызматтардагыларга бүтүндөй миллиондор берилет. Сумманы эл аралык практиканы эске алуу менен берүүгө тапшырма бериңиз»,- деди ал.
Каржы министри Ольга Лаврова өз кезегинде, министрликтин кызматтарына тиешелүү тапшырма берилгендигин билдирди.
14/12/2014
Шилтеме