Парламентарийлер тарабынан президенттик шайлоо күрөөсүн 100 миң сомдон 1 миллион сомго көтөрүү боюнча мыйзам долбоору иштелип чыгып, ал коомдун талкуусуна коюлуу алдында турат.

Ар бир фракциядан экиден депутат жана бир катар көз карандысыз уюмдардын өкүлдөрүн өзүнө камтыган Шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча атайын жумушчу топ, президенттик шайлоо күрөөсүн 100 миң сомдон 1 миллион сомго көтөрүү боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыкты. Аталган мыйзам долбоору ушул айда коомдун талкуусуна коюлуп, парламенттик угуу дагы өткөрүлөөрүн эл өкүлү Дастан Бекешев «Марал» радиосуна билдирди. Бирок, бул демилге азыр эле кызуу талкууга алынып, шайлоо күрөөсүнүн көтөрүлүшүнө каршы чыккандар, тескерисинче депутаттардын сунушун колдогондор дагы жок эмес. Бул мыйзам долбоорунун жазылышына эмне түрткү бергенин Дастан Бекешев мындайча түшүндүрдү:
— Парламенттик шайлоолордо партиялардын күрөөгө коючу каражаты 5 миллион сомго көтөрүлдү. Ал эми президенттик шайлоого талапкерлер койчу күрөө 100 миң сом бойдон калууда. Бул туура эмес. Анткени, кайсы бир адам президенттикке талапкер болгондон кийин ал мамлекеттик телевидениеден бекер эфир алат, жергиликтүү органдар ал талапкерге бекер имараттарды беришет. Ошентип отуруп бир топ каражат керектелет. Мунун баары мамлекеттин бюджетинен каржыланат. Демек, республикалык бюджетке оор болуп кетет. Ошондуктан, биз мунун баардыгын эсептеп чыгып, шайлоо күрөөсүн 1 миллион сомго көтөрүүнү демилгелеп жатабыз. Башында күрөөнү 3 миллион сомго көтөрүү дагы сунушталган. Бирок, муну ишкерлер, көпчүлүк жарандар колдой бербейт. Көпчүлүк күрөөгө коюлчу каржаттын көтөрүлүшүн аларга болгон бут тосуу катары кабылдашат.
Дастан Бекешев айтып жаткандай, шайлоо иштерине эбегейсиз чоң суммадагы каражат коротулат. Президент болом деген адам аны жон териси менен сезип, дал ошол жарышка түшөт. Деген менен коомдо билими жогору, иш тажрыйбасы жетиштүү мыкты кадрлар бар. Бирок, алар 1 миллион сомду күрөөгө коюп, шайлоого катышууга чама-чаркы чак келбейт.

Бирок, ошол эле учурда шайлоого катышкан адамда уюштуруу иштерине олчойгон каражат болушу керектигин танбайт. Аны менен катар президенттик шайлоого коюлуучу күрөөнүн 1 миллион сомго көтөрүлүшүнө каршы экенин, символикалык түрдө 100 миң сом эле туура болорун жашырган жок. Ал эми Дастан Бекешев күрөөгө коюлуучу 1 миллион сомду табуунун дагы бир ыкмасын ачыктады.
— Каражат табунун экинчи жолу бар. Саясий партиялар дагы өздөрү президенттикке талапкерлерди көрсөтө алышат. Ошондуктан саясий партиялар ал талапкерге 1 миллион сомду чыгарып берет да.
Доллардын куну күн санап өсүп жаткандай эле президенттикпи же парламенттик шайлоо болобу, ага коюлчу күрөө дагы жогорулап барат.

Ал эми шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча атайын жумушчу топтун мүчөсү Дастан Бекешев президенттик шайлоо күрөөсүнө коюлчу 1 миллион сомду партиясы барларга партиянын бюджетинен деле чыгарып берсе болот деген ойду айтууда. Ал эми партиясы жок карапайым эле президенттикке талапкерлер ал каражатты кайдан табат деген суроо жаралбай койбойт.

Ссылка

2-03-2016