В связи со своей командировкой я не смог выступить лично на заседании Жогорку Кенеша 28 марта 2013 года, на котором среди прочих в повестке дня есть следующий вопрос — «Об исполнении законов Кыргызской Республики «Об образовании», «О статусе учителя», «О дошкольном образовании», «О науке и об основах государственной научно-технической политики»». В связи с этим я передал текст своего обращения на кыргызском и русском языках коллегам по парламенту.
Уважаемые депутаты!
На сегодняшний день, каждый управленец — президент, депутаты, министры и другие — должен понять, что основным ресурсом страны должно стать образование.
Ни золото, ни энергетика, ни даже наше природное богатство не сделает страну развитой до тех пор, пока мы не научимся управлять этими ресурсами. Хорошо управлять может лишь образованный управленец.
К сожалению, наше государство пока не делает упор на образование, оно не создаёт квалифицированные кадры, не вкладывает в молодое поколение, которому рано или поздно придётся взять бразды правления в свои руки. Наоборот, правительство вместо вложения денежных средств в образование сокращает финансирование образования.
Чей-то перегруженный мозг решил сделать всё по «международным стандартам» и решил сократить школьные часы, при этом все забывают одно, что за рубежом большой упор делается и на внешкольный досуг.
Если мы хотим, чтобы наша молодёжь была образованной, не совершала преступлений, могла в будущем управлять страной, то мы не должны сокращать школьную программу, сокращать уроки по естественным наукам, по обучению иностранным языкам.
Если мы хотим состояться как сильное, хоть и маленькое государство, то мы должны вкладывать в образование и не слушать тех чиновников, чьи дети перегружены школьной программой. Пусть они сами экспериментируют на своих детях, а не на детях всего народа.
Вместо каких-либо реформ, диктуемых международными организациями, министерство образования должно проанализировать школьную программу и дать ответ: действительно ли сегодня в школах обучают тому, что нужно детям?
На мой взгляд, многие школьные предметы оторваны от реальности. Помимо чтения, письма и математики, мы должны давать детям практические знания: как вести себя при землетрясениях, что делать при пожаре, куда звонить в случае опасности, правилам дорожного движения, как обращаться с электрическими приборами, о вреде алкоголя, табачных изделий и наркотиков, как оказывать первую медицинскую помощь и другое.
Я прошу правительство прекратить сокращение школьной программы и вместо этого проанализировать её, рассмотреть возможность введения обучения практических знаний, которые бы помогли детям в тех или иных ситуациях.
Уважаемые депутаты, уважаемый представитель правительства и представитель президента!
Если мы хотим жить хорошо, а не существовать, то мы должны упор ставить на образование!
Человеческий капитал должен стать нашим основным ресурсом. Мы и так по индексу человеческого развития скатились до уровня стран Африки.
Надеюсь, мои слова будут приняты во внимание.
——————————————————————
Урматтуу депутаттар!
Бүгүнкү күндө президент, депутаттар, министрлер жана ар бир башкаруучулар өлкөдөгү эң негизги ресурс бул билим берүү экенин түшүнүүсү зарыл.
Алтын, энергетика, жана калса жаратылыш байлыктарыбыз өлкөнү өнүктүрө албайт. Качан гана биз ал ресурстарды башкарууну үйрөнгөндө өнүккөн өлкөнүн деңгээлине жете алабыз. Жакшы башкаруу – билимдүү башкаруучунун гана колунан келет.
Тилекке каршы, мамлекет жаш муундарга билим берүү, мыкты кадрларды даярдоого азырынча тиешелүү деңгээлде басым жасай элек. Кандайдыр бир убакыттан кийин азыркы жаш муун өлкөнү башкарып, бийликти өз колуна алышы керек. Азыркы убакытта өкмөт билим берүү тармагын каржылагандын оордуна, тескерисинче билим берүү тармагын каржылоону кыскартып жатат.
Кимдир бирөө жаңылышып баардыгын “эл аралык стандартка” ылайыктап, мектептеги сабактарды кыскартууну чечип жатат. Чет өлкөдө мектеп сабактары биздикинен аз болгону менен алар бош убактысын мектептен тышкаркы күнүмдүк жашоодо кереги тийген практикалык көнүгүүлөр менен толукталгандыгын унутуп жатышат.
Эгерде биз жаштарды билимдүү, кылмыш кылбай, келечекте өлкөнү башкарып, өнүктүрүп кете алган кылып тарбиялагыбыз келсе, анда биз мектеп программасындагы табийгый илимдерди, чет тилдерди үйрөнүү сабактарын кыскартпашыбыз керек.
Мамлекетибиз кичинекей болсо дагы күчтүү мамлекет катары түптөлүшүн кааласак, анда балдары мектеп программасынан ашыкча жүктөлүп, сабактар оор, балам кыйналып калат деген чиновниктерди укпай, азыркы билим берүү системасына салым кошуу керек. Сабактарды кыскартууну каалагандар элдин балдарына тийбей, өздөрүнү балдарына эксперимент жүргүзүшсүн.
Эл аралык уюмдар таңуулаган кандайдыр бир реформалардын оордуна, билим берүү министрлиги мектеп программасын изилдеп, анализдеп, “Чынында эле мектепте балдарга керек нерсени окутуп жатабы?” жообун бериши керек.
Менин оюмча, мектептеги көптөгөн сабактар реалдуу жашоого ылайык келбегендей жана алыстап кеткендей сезилет. Окуу, жазуу жана математикадан тышкары, практика жүзүндө жашоодо колдонулуучу көнүгүүлөрдү үйрөтүшүбүз керек. Мисалы жер титирегенде өзүн кантип алып жүрүшү керек, өрт кырсыгында эмне кылыш керек, коопсуздук болсо кайсыл жака телефон чалыш керек, жолдо жүрүүнүн эрежелери, электр приборлору менен кантип колдонуш керек, алкоголь, тамеки жана банги заттарынын зыян жактарын түшүндүрүү, биринчи медциналык жардамды көрсөтүү жана башка.
Мектеп программасын кыскартууну токтотуп, анын ордуна анализ жүргүзүп, балдарга кандайдыр бир кырдаалда пайдасы тийе турган, практикалык сабактарды киргизүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууңуздарды суранамын.
Урматтуу депутаттар, урматтуу өкмөттүн өкүлү жана президенттин өкүлү!
Эгерде биз жөн гана жан сактоого эмес, жакшы жашоого умтулсак, анда биз билим берүү тармагына басым жасашыбыз керек.
Адамдык капитал – тактап айтканда билимдин жыйындысы, адамзаттын жана бүтүнүдөй коомдун ар түрдүү керектөөсүн канааттандырууга колдонулган ыг биздин эң негизги ресурсубуз болушу керек.
Ансыз деле адамзатынын өнүгүү индекси боюнча Африка өлкөлөрүнүн абалына түшүп кеттик.
Менин сөздөрүмө, көнүл бурулат деп ишенемин.