Бул жолу элдин саламаттыгын ойлогон эл өкүлүн жуманын лидери деп аныктадык. 14-октябрда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитетинин жыйынында “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралды. Демилгечи депутаттардын бири Дастан Бекешевдин айтымында, мыйзам долбоору жарандардын коомдук жайларда тамеки чегүүсүнө тыюу салат.

“Тамеки — жеңил баңгизаты. Аны чеккен адам кайра таштай албайт. Бирок аэропорт, автобекет сыяктуу коомдук жайларда тамеки чегүүгө тыюу салынышы керек. Ошондой эле тамекини жарнамалоого тыюу салынат”, — деди Бекешев.

Лидер депутат Дастан Бекешев эл өкүлдөрү биринчи кезекте тамеки тартууга каршы күрөшүүсү керектигин билдирип, «Депутаттар эс алуу бөлмөсүнө чыгып алып тамеки тарткандары туура эмес. Муну болсо теледен көрсөтүшөт. Биз бирди айтып, башка нерсени кылып жатабыз», — деген.

2011-жылдын 23-февралынан тарта эле Нью-Йорктун сейил бактарында, кумжээктеринде (пляж), аялдамаларында, башка коомдук жайларында тамеки чегилсе, ал мыйзамсыз деп эсептелинет. Бийликтегилер бул кадамын сырттагы коомдук жайларды да, калктын саламаттыгы үчүн кызмат кылдыруу аракети катары мүнөздөшкөн. Буга чейин Нью-Йоркто ресторан менен барларда тамеки тартууга тыюу салынган болчу. Ушу кезге чейин адамдар чылымды өз үйлөрүндө, тротуарларда жүргөндө, унаа токтоочу жайларда гана чеге алышат. Соңку мыйзамга тамеки чегүүчүлөрдүн укугун коргогондор менен либералдар каршы чыгып, өкмөт адамдардын жеке жашоосуна өтө эле көп кийлигишип бара жатат деген тынчсыздануусун билдиришкен.

Ошондой эле өткөн жылдын соңунда Кытай Эл Республикасында тамеки чегүүдөн баш тартууга мисал болуу үчүн чиновниктердин коомдук жайларда тамеки тартуусуна тыюу салган токтом кабыл алынган. Маалыматка ылайык, чиновниктерге мектептин, бейтапканалардын айланасында, спорттук жана маданият объектилеринде, коомдук унааларда жана башка тамеки чегүүгө тыюу салынган жайларда тамеки чегүүгө болбойт. Ошондой эле, казыналык эсептен тамеки сатып алууга, кызматтык милдеттерин аткарууда тамеки чегүүгө жана сунуш кылууга тыюу салынган.

Ал жерде тамекини жарнамалоого жана сатууга тыюу салынат. Ал эми тамеки чегүүгө тыюу салынган билдирүүлөр, көрүнүктүү эскертмелер жыйындар залдарына, кабылдамаларга, өтмөктөрдө, ашканаларда жана эс алуучу бөлмөлөрдө жарыяланган.

18/10/2014

Шилтемеси