Депутат Дастан Бекешев 2018 — жылдын 11 – январында Жогорку Кеңешинин жыйынында экология боюнча маселени дагы бир жолу көтөрүп, Өкмөткө экологиянын булгануусунун негизги себебпкерлерин аныктоо үчүн изилдөө жүргүзүүнү сунуштаган. Себеби, андан бир күн мурда Бишкек Жылуулук Энергетикалык Борборунун (ЖЭБ) директору пресс-тур өткөрүп, ЖЭБ Бишкектеги аба булгануусуна 14 пайыз гана салым кошуп, негизги күнөөкөр болбогонун билдирген.

Ал эми 16 – январьда келген катта, ЖЭБ директору билдирген Бишкектин абасынын 14 пайызын гана булгайт деген  көрсөткүч тууралуу Экологиялык жана коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын маалыматы жоктугун Мамэкотехинспекциянын директору билдирген.

Толук маалыматты төмөндөгү каттан окусаңыз болот.