“Кыргызстандын өкмөтү россиялык компаниясынын 45 миң доллар акчасын кайтарып бербей атат”, — деди депутат Дастан Бекешев парламенттин бүгүнкү жыйынында.
Айтымында, депутатка россиялык компаниясынын өкүлдөрү кайрылган. Ал компания 2009-жылы энергетика тармагы боюнча тендерге катышып, жеңип чыккан. Алгачкы каражат катары 45 миң доллар киргизишкен. Бирок, 2010-жылдагы революциядан соң россиялык компаниясы кыргыз өкмөтүнөн аталган каражатты кайра кайтарууну суранышкан. Ал эми Кыргызстандын өкмөтү сотко кайрылгыла деп жооп берген.
“Мен россиялык компаниясын колдогон жокмун. Болгону 45 миң доллар үчүн биздин өкмөт кадыр-баркын түшүрүп атканы кейиштүү. Компания бул маселени Россиянын өкмөтү аркылуу көтөрөбүз деп атат. Эгер ошол деңгээлге жетсек, биз үчүн уят эле”, — деди депутат.
Ошондой эле Дастан Бекешев Энергетика жана өнөр жай министрлигине талапкерлиги сунушталып аткан Осмонбек Артыкбаев аталган мекемеде министр болуп жүрүп, эмне себептен “Кыргызалтынга” которулуп кеткенине кызыкты.
“Мен бул тармакка биринчи жолу министр болуп оор кырдаалда, Убактылуу өкмөттүн убагында келдим. Кийин жаңы өкмөттүн курамына кирбедим”, — деди Артыкбаев.
22/05/2013