Жер банкка 6 миллион долларга күрөөгө коюлуп, кийин бөлүнүп сатылган

«Прайм-Строй» курулуш компаниясына ипотекалык турак жай куруу үчүн Бишкектин жанынан бекер жер берилген. Депутат Дастан Бекешев Vesti.kg сайты менен болгон маегинде коррупциялык жол менен мамлекеттен тартып алынган жер кайра сатылып, учурда жигердүү курулуп жатканын айтты
Узнать больше: https://vesti.kg/kg/koom/item/102705-kurulush-kompaniyasyna-bishkektin-zhanynan-20-gektar-zher-beker-berildi-foto.html — Курулуш компаниясына Бишкектин жанынан 20 гектар жер бекер берилди (фото) — VESTI.KG — Новости Кыргызстана.

-Ал жер Данияр Үсөновдун курулуш компаниясына 2005-жылы Бишкектин жанынан 20 гектар жер бекер берилген, — дейт ал. — Мен Башкы прокуратурага суроо жөнөттүм, ошол жактан жооп келди. «Прайм-Строй» курулуш компаниясы ипотекалык турак-жайды куруп бериши керек болчу, бирок анын ордуна келесоолук менен акча тапкан. Биринчиден, бул жер банкка 6 миллион долларга күрөөгө коюлган. Кийин бөлүнүп, сатылып кеткен. Учурда көп кабаттуу үйлөр менен жигердүү курулуп жаткан бул жерди мамлекеттин менчигине алуу адилеттүү болмок. Анын үстүнө президент Садыр Жапаров ипотекалык турак-жай куруу зарылдыгын билдирди.
Узнать больше: https://vesti.kg/kg/koom/item/102705-kurulush-kompaniyasyna-bishkektin-zhanynan-20-gektar-zher-beker-berildi-foto.html — Курулуш компаниясына Бишкектин жанынан 20 гектар жер бекер берилди (фото) — VESTI.KG — Новости Кыргызстана.

Источник: https://vesti.kg/kg/koom/item/102705-kurulush-kompaniyasyna-bishkektin-zhanynan-20-gektar-zher-beker-berildi-foto.html