Кыргызстанда депутаттыкка талапкерлердин жогорку билими тууралуу маселе кайрадан талкууга чыкты. Эл өкүлдөрүнөн түзүлгөн демилгечи топ депутаттардын дипломун талап кылган ченемин алып салуу сунушун киргизүүдө. Билим берүү боюнча адистер “диплом талап кылган замандан өттүк” дегени менен, азыркы мыйзамда талап башка.

«Жогорку Кеңешке талапкер болуу жана шайланып келүү үчүн жогорку билим болушу керек» деген ченемди алып салуу сунушталууда. Бул тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Демилгени көтөрүп чыккандар Кыргызстандын Баш мыйзамынын 24-беренесинин 3-пунктуна ылайык, жарандар бирдей укуктарга жана эркиндиктерге, аларды ишке ашыруу үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ экенин белгилешкен.

Демилгечи топтун курамындагы депутат Дастан Бекешев аталган ченемди эмне себептен алып салыш керектигин түшүндүрүп берди.

«Дипломсуз деле мыкты адис болсо болот»

“Биринчиден, бул Конституцияга каршы болуп жатат. Себеби, мындай ченем, президенттикке койгондорго иштебейт. Экинчиден бул жаңы ченем, былтыр жайында эле киргизилген. Мурун андай ченем болгон эмес. Эч бир маселе чыккан эмес. Депутаттар 95% жогорку билим менен келишкен. Бешинчи чакырылышта гана эки депутат дипломсуз болгон, бирок алар деле жакшы эле иштеп жатышкан. Бул ченем эмне себептен кирди, бул Момбеков сыяктуу депутаттар депутат болбосун деп киргизилген. Ачык айтсак, бул конституцияга дал келбейт. Бул жөн гана диплом талап кылуу болуп жатат. Ырчылар мисалы, артисттер, спортчулар азыр депутат болом десе университетке барышы керекпи? Башка өнүккөн мамлекеттерде андай ченем керек болсо алынып салынып жатат. Азыр 4-5 жыл окуткан чоң университеттер өзүлөрү айтып жатат, биз ушунча жыл окуткан билимди бир эле жылда алса болот деп. Ошол эле програмисстер, мисалы, дипломсуз эле мыкты адис болуп иштеп жатышат. Азыр керек болсо, юрист катары деле диплом албай иштесең болот”, — деди Дастан Бекешев.

«Дипломду эле эмес, билимин кошо текшериш керек»

«Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамга депутаттыкка талапкер жогорку билими болуш керек деген ченем былтыр жайында кирип, дароо иштей баштаган. Ага ылайык, депутаттардын дипломдору текшерилип, кээ бири шайлоодон четтетилсе, айрымдары шайлоодон өтүп келгенден кийин мандатынан ажыратылган. Бирок тарыхчы, коомдук ишмер Кыяс Молдокасымов, депутаттардын дипломун гана эмес, билимин дагы текшериш керектигин айтат.  

Диплому гана эмес, анын билими дагы жетиштүү болуш керек. Текстти туура, жат окуганды үйрөнүш керек. Туура жазганды үйрөнүш керек. Анан ошол жогорку окуу жайында чыныгы билимди алдыбы, дипломунда жазылгандай чыныгы билимге ээби, аны дагы текшериш керек. Анткени Жогорку Кенеш мамлекетти алдыга сүрөй турган мыйзамдарды жазат, мыйзамды түшүнбөгөн, сабатсыз адамдын ал жерге депутат болуп барышынын кереги жок. Ошондуктан алар мыйзам чыгаруу бийлиги деп аталат. Ошол үчүн депутаттарга билим, билимдин дагы сапаттуусу, сабаттуу жазганы, текстти шар окуганы анан мыйзамдарды ажырата билгендиги керек”, —  деди Кыяс Молдокасымов.

Эл өкүлү деген ким?

Билим берүү боюнча эксперт Кеңешбек Сайназаров, өнүккөн мамлекеттерде депутаттардан жогорку билимди талап кылган мыйзам эчак эле алынып салынганын, бул ченем эскиргенин баса белгилейт. Анын айтымында, депутаттар – эл өкүлдөрү, эл ишеним артып шайлап жаткан жаткан адамдарга кандайдыр бир жасалма тоскоолдуктар болбошу керек.

“Биринчи биз ошол депутаттардын-эл өкүлдөрүнүн эмне үчүн эл өкүлү экенин түшүнүшүбүз керек. Элдин өкүлү болуш үчүн атайын тоскоолдуктар болбошу керек деп ойлойм. Мурду бучук болбосун, көзү бакыракай болсун, колунда диплому болсун деген сыяктуу жасалма тоскоолдуктар болбошу керек. Себеби элдин өкүлү болуш үчүн ал элдин арасында урмат-сый, кадыр-баркка ээ болгон адам болушу керек. Бул негизги критерийлердин бирөөсү деп ойлойм.

Мен кайсы мамлекеттерде депутаттардан жогорку билим талап кылынарын карап көрдүм. Мисалы Англия, Швеция, Индия жана Жаңы Зеландияда билими бар депутат менен билими жок депутаттын эффективдүүлүгү менен алардын жасаган жумуштарынын натыйжалуулугун изилдеген изилдөөлөр бар экен. Илимий жактан караганда дагы, депутаттын эффективдүүлүгү жана натыйжалуугу менен билими бар же жоктугунун ортосунда байланыш жок болуп жатат.

Ал эми кайсы мамлекеттерде жогорку билим тууралуу диплом талап кылынарын карай турган болсок, бул мурдагы социалисттик блоктогу өлкөлөр экен. Бул эскиден калган түшүнүк болуп калат. Себеби биз диплом керек деп, чыныгы кадыр-баркка ээ болгон адамдарды чыгара албай калып жатабыз. Көп талап кылынган үчүн бизде дипломдун кадыр-баркы да жоголуп кетти. Эл башында турган, директор болуп жүргөн канчалаган азаматтарыбыз бар, экиден, үчтөн диплому бар. Сүйлөшүп келе турган болсоң, жөнөкөй кат жазган мезгилде 99 катасы менен жазып жатпайбы. Демек, ал дипломдун бардыгы эч суу кечпей калды. Ошол үчүн депутатка бул талапты коюштун кереги жок. Элге мүмкүнчүлүк бериш керек, кимди шайлайт. Себеби мүмкүн ошо жерде жүргөн тракторист бардыр, анын кадыр-баркы, карманган этикалык принциптери 5 диплому бар адамдан дагы жогору болушу мүмкүн”, — деди Кеңешбек Сайназаров.

Президент: «Депутаттар жогорку билимдүү болушу керек»

Аталган мыйзам долбоорун депутаттар Жанар Акаев, Нурланбек Шакиев, Улугбек Ормонов, Дастан Бекешев, Сеид Атамбаев жана Марлен Маматалиев сунушташкан.  Эгер ал жактырылып, күчүнө кире турган болсо, жогорку билими жок жарандар дагы депутат боло алышат.  Бирок кечээ өлкө башчысы Садыр Жапаров бул мыйзам долбоорун колдобой турганын билдирди.

“Жогорку Кеңештин депутаты мыйзамдарды жазышы керек. Ал мыйзамдар мамлекеттин, элдин тагдырын чечет. Анан кантип жогорку билими, тажрыйбасы жок адам мыйзам жаза алат? Жогорку Кеңешке жүз пайыз жогорку билимдүү депутаттар келиши керек”, — деди Садыр Жапаров.

2021-жылы кабыл алынган “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо” жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип, ага депутаттыкка талапкердин жогорку билими болушу керек деген ченем кошулган. Ага чейин мындай талап жок болгон.

Борбордук шайлоо комиссиясы “Бүтүн Кыргызстан” партиясынан депутат Орозайым Нарматованын диплому жасалма болгон деген негизде мандатынан ажыраткандан кийин, президент бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин дипломдорун текшерүүнү буйруган.

Апрелдин башында Улуттук Коопсуздук комитети жасалма дипломдор жана кош жарандыгы бар жарандарды аныктоо иштери улантылып жатканын билдирген. Анын негизинде дагы үч азыркы жана эки мурдагы депутат шектелип жатканы кабарланган. Ошондой эле атайын кызмат кимдин дипломдору жасалма болсо, өз ыктыяры менен кызмат ордун тапшырууга чакырган.

Источник: https://www.bbc.com/kyrgyz/articles/cp45gylxl07o