Өлкөдөгү бюрократия өнүгүүгө залал келтирип жатат. Бул тууралуу бүгүн парламент жыйынында депутат Дастан Бекешев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда бюрократия жогортон төмөндү карай жайылууда. Ал эми бюрократиядан коррупциялык көрүнүштөр келип чыгууда. Андан майда чиновниктер жеке кызыкчылыгын көздөп, өзүнүн “кичи мыйзамдарын” ойлоп табууда.

Депутат билдиргендей, бюрократия Жогорку Кеңеште да бар.

“Мен 6 ай мурда болуп өткөн күлкүлүү окуяны мисал келтиргим келет. Анда терезе парданы жууш үчүн ЖК Иш башкармалыгына кат жазууга туура келген, эми бул майда нерсе, бирок артыкча баш катырмаларды жакшы эле жаратат. Дал ушундай нерседен бюрократия келип чыгат. Бюрократиянын башка мааниси – жарандарды топ катары бири-бирине тепкилөө деп түшүнсөк болот. Ушунун себебинен жарандар маморгандарга кайрылууга ниеттери анча чаппай калды”, — дейт Д.Бекешев.

24/04/2014

Шилтеме