Бүгүн, 4-мартта «Ар-Намыс» фракциясынын депутаты Дастан Бекешев күрөөканалардын ишмердүүлүгүн талкууга алган ЖКнын Экономика жана фискалдык саясат комитетинин отрумунуда Улуттук банк тарабынан көзөмөл болбой жатканын белгиледи.

«Лицензияны алып салгандан кийин жакшыраак болот деп ойлошкон, бирок мурункудай эле. Алар (күрөөканалар) ар кандай буюмдарды, жада калса үй жаныбарларын дагы күрөөгө ала берет. Алар аз төлөгөн майда банктарга айланып алды», — деди ал.

«Күрөөкананын ишмердүүлүгү жөнүндөгү мыйзамда лицензия кантип алынат, кандай тартипте, кандай имаратта экендиги жазылышы керек», — деп кошумчалады Д.Бекешев.

04/04/2014

Источник: http://www.barakelde.org/news:66165/