Жогорку Кеңеште КР Өкмөтүнүн 2014-2015-жылдардын күз-кыш мезгилине карата даярдыктын жүрүшү тууралуу маалыматын угуу жүрүшүндө депутат Дастан Бекешев («Ар-Намыс») электр энергиясын сарамжалдуу пайдалануу жаатында КР премьер-министрине бир катар суроолор менен кайрылса, Энергетика жана өнөр жай министринин орун басарынан абалды эптеп-септеп эле жылмалаган жооп алганын белгиледи.
Д.Бекешев, айрым мамлекеттик органдар электр энергиясын пайдалануу көлөмү жылына 7-12%га чейин өскөнүн билдиргенин, ортодогу айырма кыйла чоң болуп жатканын мисал келтирди.
«Мынчалык айырма болбошу керек. Деги, так өсүү көлөмү канча?», — деген собол салды ал премьер-министрге.
Жоомарт Оторбаев өсүү көлөмү ар жылы ар башка болуп жаткандыктан, электр энергиясынын жылдык өсүшү болжол менен 5-12%дын тегерегинде болуп жаткандыгы тууралуу жообун берди.
«Эл араласында «Токтогул суу сактагычынын суусу сатылып жатат» деген кеп бар, бирок анын аныгына жетүү кыйын. Мындай айыптоолордон кутулуу үчүн Нарын каскадындагы ГЭСтерге видеожабдуу орнотулса, суунун качан, кандай көлөмдө, кайда кетип жатканы так белгилүү болмок», — деп кошумчалады Д.Бекешев.
Энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев мындай сунушка макулдугун билдирди.
18/09/2014
Ссылка