Бүгүн, 21-ноябрда парламенттин жыйынында «Ар-Намыс» фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев ЖК төрагасы Асылбек Жээнбековдон Орусиянын Москва шаарында парламенттин өкүлчүлүгүн түзүү жөнүндө токтомуна добуш бергендердин тизмесин көрсөтүүнү өтүндү.

«Элдер көрсүн, ким добуш бергенин. Ошол токтомдун өзүн, аны ким даярдаганын, жыйындын стенограммасы алып чыккыла, анткени дал ошол үчүн Ахматбек Келдибековго кылмыш иши козголуп жатат. Жамааттык чечим кабыл алынып, бирок жоопкерчиликти бир адам тартып жатат», — деди ал.

21/11/2013

Источник: http://barakelde.org/news:59718/