Депутат Дастан Бекешев педофилдерди химиялык кастрациялоо боюнча мыйзам долбоорун кароону сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 15-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

«Жогорку Кеңештин 5-чакырылышында балдарды зордуктаган кишилерди химиялык кастрациялоо боюнча мыйзам долбоорун алып чыккан. Мыйзам долбоору өткөн эмес. Президент колдогон эмес. Бул мыйзам долбоорун кайрадан чыгаралы», — деди ал.

Источник: https://www.super.kg/kabar/news/355675/