Депутат Дастан Бекешев азык-түлүктөрдүн баасынын жогорулашы боюнча кийинки аптада өкмөттүн маалыматын угууну сунуштады. Бул тууралуу пикирин ал бүгүн, 24-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

«Азык-түлүктөрдүн баасы кескин кымбаттады. Бул маселени тийиштүү комитеттин жыйынында дагы көтөрдүм. Кийинки аптада бул маселени кароо керек. Өкмөт тарабынан көрүлүп жаткан чаралар боюнча маалымат угалы», — деди ал.

Мындан тышкары ал учурда паспорттук кризис болуп жатканын айтты. «Бул маселени Жогорку Кеңеште биз дагы карашыбыз керек. Өкмөт эмне жумуш кылып жатат? Чет өлкөдөгү биздин жарандар паспорт ала албай жатат», — дейт депутат.

Источник: https://www.super.kg/kabar/news/351819/