Кичинекей кезинде тентек, бирок зээндүү чоңойгон КСДП фракциясынын депутаты Дастан БЕКЕШЕВ максаттар орундаларын айтты. Ал үчүн туура тилек кылып, ага аракет жасоо керек дейт. Эл өкүлү Дастан мырза  менен жай турмуш тууралуу маектештик.Ааламга жол айылдан башталат Менин ааламга кадам таштаган жолум айылдан эмес шаардан башталды. Себеби, атам-энем илгертеден эле шаарда туруп калышкандыктан, ушул жерде төрөлүп-өстүм. Бактылуу балалык күндөрүм дээрлик шаарда өттү. Ал эле кезде ашынган шок бала элем. Эртели-кечке топуракты чаңдатып кичинекей балдар менен чүкө ойноп, утулуп калсам алардын байгеге алган чүкөлөрүн да тартып алчумун. Бала кезде жүрөгүң курч болуп, эч нерседен коркпойт экенсиң. Велосипед да тепчүмүн. Анан да балдардын арасында  “атаман” элем. Бир жолу 6-класстан окуп жүргөндө көчөдөн бир патрон таап алып, мектепке алып келдим. Балдар менен чогу баягы патронду мугалимге көрсөтүп, “бир сарай толтура ушундай патрондорубуз бар” деп калп айттык. Мугалим эжебиз коркуп директорго айтып, ал милицияларды чаркырды. Милициялар биз айткан сарайды издеп жөнөштү. Биз болсо “андай сарай жок, тамашалап эле айтып койгонбуз” десек алар түшүнүшпөйт. Айтор мектепти ызы-чуу болду. Тамашалап айтканын айтып алып кайра өзүбүз коркуп алганбыз. Азыр досторум менен жолугуп калганда балалык кездеги ушундай  айрым урунттуу окуяларды эстеп, сөз кылып калабыз. Кыялдар орундалат Мектепте окуп жүргөндө менде бир гана кыял болгон. Жакшы окуп ата-эненин, мугалимдердин алкышына ээ болсом дечүмүн. Кийин 10-класста алдыма  саясатка барам деген максатты койдум. Себеби, буга чейин саясатка байланыштуу телепрограммаларды көп укчумун. Ал жерде сүйлөгөн саясатчылар коомдогу болгон көйгөйлөрдү көтөрүшчү, бирок иш жүзүнө келгенде алардын айткандары аткарылчу эмес. Мындай көрүнүш мени кайдыгер калтырган жок. Жөнөкөй жарандарга, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жардам беришим керек деген максатта, өзүмдү даярдай баштадым. Тарыхый, саясый багыттагы китептерди көп окудум. Мектепти аяктагандан кийин Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-орус славян университетинин юридикалык факультетине тапшырдым. Ошентип окуучулук кездеги элге жардам берем деген максаттар, кыялдар менин саясатка келишиме түрткү болду. Атанын уулу болуу артык… Ата-энем жөнөкөй адамдар. Атам союз учурунда теле-мастер, айдоочу болуп иштечү. Кийин совет бийлиги кулаганда Кытайга товар ташып иштеп калды. Ал кезде Кыргызстан башынан оор экономикалык кыйынчылыктарды башынан өткөрүп жаткан эле. Завод-фабрикалар жабылып элдин көбү жумушсуз калган. Ошол учурда ууру-кескилер көбөйүп, атам да алардын колуна чоң товар менен түшүп калган.Бул окуядан кийин атам үйдө отуруп калды. Көзү азиздер мектебине жаңы 1-класска барган кезде, атам өзү ал жерден “брайл” тамгаларын үйрөнүп кайра мага үйрөтчү. Мындан тышкары жөнөкөй тамгалардын жазылышын, окулушун да үйрөткөн. Бул болсо менин жашоомо, билим үйрөнүүшүмө чоң жардам берди. Апам болсо менин жаныман такыр чыккан жок. Эки жолу операция болуп, ооруканаларда көп жаттым. Ошондо апам мени карап, жаңы жыл күнү дагы үйгө барбай жанымда болор эле. Атам менин тандоомду дайыма колдоп-коштоп келе жатат. “Балам өзүң каалаган окуу жайга тапшыр, өз жолуңду өзүң танда. Кандай гана кыйынчылык болбосун максаттарыңды ишке ашыр” деген акыл-наасаттарын көп айтчу. Анын айткандарын аткарууга аракет жасадым. Маселен, биздин үй-бүлөө материалдык жактан кыйналып, университетке документ тапшырууга каражат табылбай гитарамды саткан учурум эсимде. Сын менен адам чыйралат Адамдардын кайсы бир кыймыл-аракетин, жүрүм-турумун, иштеген ишин сындоо – бул табигый эле көрүнүш. Сындоо жашоодо сөзсүз болушу керек. Мисалы, мен  башка депутаттардай эле мыйзамдарды жазып, алар менен тең тайлашып иштеп жатам. Эгер туура эмес мыйзам долбоорлорун демилгелесем же туура эмес ойду айтып, туура эмес иш кылсам, көзүмдүн азиздигине карабастан мени сындашы керек. Сындаганда да туура көз-караштар менен сындашы абзел. Биз коомдогу көйгөйлөрдү чечүү максатында социалдык тармактарга демилгелерди, сунуштарды талкууга коёбуз. Бирок, ал жердеги көпчүлүк жарандар туура ойлорун айтпай эле “ой бул депутат жинди го” деген сөздөрдү жаза беришет. Биз ушундай көрүнүштөн чыгышыбыз керек. Жашоодогу кубаныч жана өкүнүч Жашоодо өкүнгөн эмесмин. Анткени өтүп кеткен окуяга өкүнүүнүн кажети жок. Канчалык өкүнбөгүн аны жакшырта албайсың… Алдыга гана умтулуп жашай беришиң керек. Ал эми, жашоомдогу кубанычым, ата-энем, үй-бүлөөм, өзүмдүн жумушум. Чалыгып чарчап турганда… Бул учурда бир жерге барып деле эс албайм. Колум бош болсо эле китеп окуйм. Саясый, тарыхый, ишкерлердин ийгиликтери жана башка тууралуу китептерге көп басым жасайм. Себеби, билимге көп көңүл буруш керек. Бул сөздү университетте окуган студенттерге да айтам. Убакытты туура пайдаланып, окуп алышың керек. Убакыт деген учкан куш, аны өткөрүп ийсең эч нерсе кыла албайсың. Бул сөздү айтып жаткандыгымдын да себеби бар. Бир туугандарым билимге көп умтулушкан жок. Иштеп жүрүп эле убакыттары өтүп кетти. Саясатка эч ким жакын эмес. Муниципалдык кызматта эч ким иштеген жок. Атам дайыма “балам билимдүү болсоң адам болосуң” деген сөзү кулагыма сиңип калыптыр. Мындан улам балдарымдын татыктуу билим алуусуна түрткү берем деген максаттарым бар. Кыз болобу, бала болобу замандын талабына жараша эч кимге көз каранды болбой, өзүнүн билими менен каражат таап, өз алдынча жашап кетиши керек. Үй-бүлөө 2011-жылы бир кичинекей майып балага жардам берүү үчүн социалдык тармакка жарыя жазып чыктым. Ошол жерде бир кыз жардам берем деп калды. Ал кыз менен жакындан таанышып, сүйлөшүп кеттик. Ал Америкада окучу. Биринчи жолугушубуз Малазияда болду. Ошентип эки айдай сүйлөшүп баш коштук. Бир кызыбыз бар. Айжаз САКИЕВА«Эл деми» http://eldemi.kg/?p=10664