Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу социалдык тармактардын биринде өзүнүн пикирин билдирди.

Кече бир «талкалаган» макала окудум. Анда менин кесиптешим Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө карата референдум белгилөө боюнча мыйзам долбоору процедураларды бузуу менен чыгарылып атат дегендей туура эмес пикирин билдирген. Кесиптешиме Конституциянын 114-беренесинин 1-бөлүгүн жана 3-бөлүгүнүн үчүнчү абзацын окуп чыгууну сунуш кылам, болгондо да өтө кунт коюу менен окуп чыкса.

Жалпысынан мен референдум өткөрүү тууралуу мыйзам долбоорун төмөндөгү себептер боюнча колдойм:

1.      Учурдагы иштеп аткан Конституция боюнча Президент республикалык бюджет жана салык тууралуу мыйзамдарга каршы болууга укугу жок. Бул эмнеге алып келди? 2011-2012-жылдары ЖК депутаттары өздөрүнүн шайлоочуларына жагынуу үчүн «капиталдык салым» беренеси боюнча тизмени жана сумманы бекитишти. Натыйжада каражаттар көбүнесе кайсыл жактан көбүрөөк сандагы депутаттар шайланып келген болсо, ошол региондорго багытталды. Мисалы, Сокулук району практика жүзүндө таптакыр эч нерсе алган жок. Андан ары Өкмөт Конституциялык палата аркылуу ЖКнын ыйгарым укуктарын талашты. Натыйжада элге кызмат кыла турган бийликтин эки бутагы бири-бири менен күрөшүп калды. Салыкка эмне тиешелүү, бул тыюу салуучу норма биздин өлкөдө зыян кылат. Депутаттар 5 жылга бир катар ишмердүүлүктүн сфераларын салыктан бошотушту, ошону менен бирге мектептерди, балдар бакчаларын курууну, айлык акыларды көбөйтүүнү талап кылышты. Президент мунун баарын, алтургай Өкмөттүн кандайча каршылык көрсөтүп атканын көрүп туруп, ал кырдаалга эч кандай таасир эте албады. Конституциянын долбоорунда Президент мына ушундай мыйзам долбоорлоруна премьер-министрдин каршылыгы болгон кезде каршылык көрөсөт ала тургандыгы сунушталып жатат. Бийликтин эки бутагы кызматташат жана компромисс таба алышат.

2.      Конституцияны өзгөртүү долбоорунда соттордун мыйзамсыз аракеттерин карай турган дисциплинардык комиссия түзүлүшү сунушталып жатат. Биз сиздер менен чогуу баарыбыз эле айрым соттордун көз карандысыздыктарынан пайдаланып, өздөрүнүн ыйгарым укуктарын өздөрүнүн керт башынын кызыкчылыгына пайдаланып жатканын көрүп эле келатабыз. Эми аларды реалдуу түрдө жоопкерчиликке тарта ала турган орган болот. Бүгүнкү күндө соттордун мыйзам бузууларын соттордун корпусунун өкүлдөрүнөн турган соттор Кеңеши карайт. Карга карганын көзүн чукубайт, чукуса да бардыгын эмес.

3.      Мыйзам долбоорунда коомчулуктун жогорку баалуулуктары жазылган. Мен «мамлекеттин Баш мыйзамында философияны жазбаш керек» деп кыжырлангандарды окудум. Андай айтыңызчы, Конституциянын кириш сөзүндө (преамбула) эмне кылыш керек? Ал юридикалык маанайда жазылган эмес. Жогорку баалуулуктарды жазыш керек, себеби учурдагы Конституция боюнча жападан жалгыз ориентр адам укугу болуп саналат. Бул сыйымдуу түшүнүк саясый максатта пайдаланылып жатканын унутпаш керек. Мисалы, бош жүргөндөр митингге чыгып, жолдорду тосушту, укук коргоо органдары аларды таркатышты, ал эми «чоң аке» бизге отчеттору аркылуу «силе радам укугун сактабай атасыңар, тынчтык митингине чыккандардын укугун бузуп атасыңар» деген сын пикирлерин айтып келет. Болгондо да «чоң аке» өздөрүнүн жарандарына мындай кадамга барышына таптакыр жол бермек эмес. Жогорку баалуулуктар биздин мамлекеттик органдардын жетекчилери үчүн, майда чиновниктер үчүн ориентр болот. Бул мамлекет эмне үчүн иштеши керек экендигин көрсөтөт. Албетте, адам укугу абсолюттуу баалуулук болуп саналат, бирок мен жогоруда жазгандай бул көп нерсени түшүдүрө турган өтө сыйымдуу түшүнүк. Авторитардык мамлекеттерде балким идеология бардыр, биздин өлкөдө идеология катары коомдун жогорку баалуулуктарын колдонсо болот.

4.      Депутаттардын катарынан тандалган өкмөттүн айрым мүчөлөрү (премьер-министр жана вице-премьер-министрлер) депутаттык мандатын сактап калат. Мындай сунуш өтө туура, бирок мындай мүмкүнчүлүктү жалпы министрлер кабинети үчүн кеңейтсе да болмок. Конституцияга мындай өзгөртүү киргизүү Жогорку Кеңеш менен өкмөттү бири-бирине каршы күрөшүүчү орган эмес, тыгыз кызматташкан орган кылат.

5.      Прокуратуранын айрым функцияларын өзгөртүү сунушталууда. Бул өтө туура чечим. Прокуратуранын маңызы тергөө менен алек болуу эмес, көзөмөлдөө, байкоо.Балким келечекте прокуратураны юстиция органына айлантуу керек.

Коомдук талкуу процедурасы аяктаганга чейин мен Улуттук банктын функциясын кеңейтүүчү өзгөртүүнү сунуштайм. Бизге мегарегулятор керек, себеби көптөгөн өлкөлөрдө финансы рыногун жөнгөн салган өзүнчө орган жок. Мегарегуляторду түзүү камсыздандыруу жана башка финансылык бизнестерге импульс берет.

http://focus.kg/2016/08/03/dastan-bekeshev-zhk-deputaty-konstitutsiyany-…