Бүгүн, 14-ноябрда Жогорку Кеңештин «Ар-Намыс» фракциясынын депутаты Дастан Бекешев парламент жыйынында, «Биз дайыма паракорчулукка каршы күрөшүү жөнүндө айтабыз, бирок жөнөкөй кызматкерлер алып жаткан айлык маяналар тууралуу сөз кылбайбыз», — деп белгиледи.

Ал тез жардам станцияларынын кызматкерлеринин айлык акылары жөнүндө маселени көтөрүп чыкты. Анын айтымында, кызматкерлер 160 саат жумушу үчүн айына 7 миң сом алышат.

«Мындай абал Бишкекте жана Ошто бар, ал эми башка шаарларда мындан жаман болуш керек. Муну менен бирге тез жардам кызматкери моралдык да, юридикалык да, каржылык да жагынан корголгон эмес. 7 миң сом — бул абдан аз айлык акы. Биз алардан жакшы кайтарым күтөбүз, ал эми мамлекет аларды жада калса форма менен камсыздабайт», — деди эл өкүлү.

Ал белгилегендей, тез жардам станцияларында айлык маяналардын төмөн болгондугунан кадрлар токтобойт.

«Бюджет таңсыктыгын түшүп турам. Келгиле, башка чыгымдарды кыскартып, тез жардам кызматкерлердин айлык акысын көтөрөлү. Эртели-кеч бул капаланткан натыйжага алып келет», — деп эсептейт Д.Бекешев.

Ал тез жардам станцияларын каржылоону республикалык бюджетке өткөрүү сунушун киргизди.

14/11/2013

Источник: http://barakelde.org/news:59248/