Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев («Ар-Намыс»), транспорт каражаттарын негизсиз токтоткон ички иштер органдарынын кызматкерлерине айып салууну сунуштоодо.

Депутат административдик жоопкерчилик жөнүндөгү Кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү мыйзамдын долбоорун коомдук талкууга алып чыкты.

Анын пикиринде айдоочу негиздүү себептер менен гана токтотулушу керек. Негизсиз токтотулса Жол-күзөт кызматкерине 5 миң сом өлчөмүндөгү айып салынууга тийиш.

«Жол кыймылынын коопсуздугуна байланыштуу административдик иштер боюнча соттук чечимдердин аткарылышынын так механизмдерди түзүүдө Жол-күзөт кызматкерлеринин айдоочулук күбөлүктү, номердик белгини жана автоунаа каражатын алып салуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруу керек. Алып салуу укугу коррупциялык көрүнүштөргө алып келет», — деди ал.

13-01-2014

Источник: http://kabarlar.org/press/38611-dbekeshev-transport-karazhattaryn-negizsiz-toktotkon-zhol-kzt-kyzmatynyn-kyzmatkerlerine-ayyp-saluunu-sunushtoodo.html