Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев кийинки жылы адистештирилген мектептердин мугалимдеринин айлык маянасын 3 миң сомго көтөрүп берүүнү суранды. Бул тууралуу бүгүн, 5-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, ушул тапта Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген балдар билим алган 16 атайлаштырылган мектеп иштеп жатат.
«Бул фонддо адистештирилген мектептин мугалимдеринин айлык акысы 159 млн сомду түзөт. Алардын маянасын 3 миң сомго көтөрүүнү суранат элем. Бул окутуучулар аз айлыкка карабай, балдарга билим берип жатышат. Адистештирилген мектепте иштөө оңой эмес», — деди ал.
«Эгерде бул мугалимдердин айлыгын 3 миң сомго көбөйтсөк, аларга кошумча дагы 74 млн сом бөлүү керек», — деп билдирди депутат.
05/12/2013
Источник: http://barakelde.org/news:60712/