«Ар-Намыс» фракциясынын депутаты Дастан Бекешев билим берүү тармагы боюнча 16,5 млн доллар каражат бөлүү жөнүндөгү макулдашууну ратификациялоо мүмкүн эмес, деп эсептейт. Мындай пикирин ал бүгүн, 12-февралда парламенттин отурумунда билдирди.
Билим берүү жана илим министри Канат Садыковдун айтымында, белгиленген каражаттын ичинен 7,4 млн доллар грант, ал эми 9,1 млн доллар кредит түрүндө 0,75%дык коюм менен 10 жылдык мөөнөт жеңилдетилген негизде 40 жылга каралган.
«30 жылдык эсепке ылайык 1,7 млн доллар пайызды төлөө керек. Белгиленген каражатка 3-9 кл окуучулары үчүн 16 аталыштагы окуу китептери даярдалат. Ошондой эле, 7,867 млн доллар окуу китептерин нускалоо үчүн, 2,7 млн доллар маалымдамаларды, энциклопедияларды жана методикалык-окуу материалдарын сатып алууга керектелет», — деп билдирди К.Сыдыков.
Ошондой эле, 4 млн доллардан ашык каражат консультация үчүн, 28,2 миң доллар мугалимдерге тренингдерди өткөргөн чет элдик консултанттардын 2 жылдык эмгек акысы үчүн, 200 миң доллар кеңсеге керектүү эмеректер менен жабдыктарды алуу үчүн сарпталарын кошумчалады.
Ал эми, депутат Д.Бекешев ушул каражатка окуучулар үчүн бардык китептердеги маалыматтарды жүктөп ала турган планшет алууга жумшаса болбу, деген суроо узатып, «Бул үчүн болгону 3-4 млн доллар керектелет. Билим берүүнүн заманбап методуна өтүү зарыл», — деди.
Министр К.Сыдыков, ведомство тарабынан электрондук вариант дагы даярдалып жатканын билдирди.
Бул боюнча каршы пикирин билдирген депутат Д.Бекешев, «Биз аталган макулдашууну колдоого албашыбыз зарыл. Анын үстүнө доллардын курсу жогорулап жаткандыгына байланыштуу, ашыкча төлөш керек болуп калат», — деп белгиледи.
12/02/2014
Источник: http://barakelde.org/news:65023/