Жогорку Кеңештин «Ар-Намыс» фракциясынын депутаты Дастан Бекешев төрага Асылбек Жээнбековдон парламент жыйындарын түз алып көрсөтүүнү суранды. Бул тууралуу ал бүгүн, 15-январда паралмент жыйынында айтты.
Ал маалымдагандай, ЖКнын добуш берүүсү виртуалдуу экенин баары билет.
«Бул убакта көптөгөн депутаттар ордуларында жок, бул тууралуу кабарчылар көп жазышат. Жылдап жумушка келбегендери бар, дайыма бул жерде отургандары бар, жумушка эмес саунага барган депутаттар бар. Мындай депутаттар парламенттеги кара тактар. Алардын айынан парламент эч нерсе жасабай жатат деп айтып жатышат», — деди эл өкүлү.
Ал ким иштеп, ким иштебей жатканын түз алып көрсөтүүнү суранды.
Буга төрага, тапшырма берилгендигин, бирок айрым нюанстар бар экендигин билдирди.
15/01/2014
Источник: http://barakelde.org/news:63152/