120 депутаттын 82си кыргыз сайттарынын бириндеги онлайн-кабылдамага катталышкан. Бул программанын жардамы менен жарандар Жогорку Кеңештин депутаттарына бюрократиялык тоскоолдуктарсыз түз кайрыла алышат. Долбоордун координатору Наргиза Нанакееванын маалыматы боюнча, биринчи жана азырынча жалгыз интернет-кабылдама коомчулуктун демилгеси менен түптөлгөн.

Координатордун айтымына караганда, портал жарандардын кайрылууларынан, берген суроолорунан улам депутаттардын иш-аракетин чагылдырып турат. Жарандар маалымат да ала алышат, аны менен бирге Жогорку Кеңештин канчалык иштеп атканы да белгилүү болот. Коомдук кабылдамага элден түшкөн суроо-талаптар жарыяланып, ага эл өкүлдөрү көңүл бурушат.

Интернет-кабылдаманын иш-аракетине кыскача токтолсок, мисалы Сопуева Айнура аттуу жаран КСДПнын лидери Чыныбай Турсунбековго мындай суроо менен кайрылган: “Отурумга катышпай койгон депутаттарга кандай чара көрөсүз? Коомчулукка алардын катышуусу боюнча маалымат жарыялап туруу зарыл болуп жүрбөсүн??”

Бул суроого Ч. Турсунбековдун жообу:

“Бүгүнкү күндө бул маселе фракциялардын лидерлери тарабынан көзөмөлгөн алына баштады. Ар бир өткөн жыйындан кийин алар өз фракциясындагы депутаттардын катышуусу тууралуу маалымат берип турушат”.

Мындан тышкары эл өкүлдөрүнө шайлоочулар өз аймагына тийиштүү чечилбеген маселелер боюнча да кайрыла алышат. Чет өлкөлөрдө күн кечирип аткан кыргызстандыктар да интернет-кабылдамага чыгып, көйгөйлөрүн ортого салса болот. Азырынча жарандар менен болгон суроо-жоопко жигердүү катышып аткан депутаттар төмөнкүлөр: И. Исаков, Дастан Бекешев, Т. Бакир уулу, Р. Акназарова, Р. Жээнбеков, У. Аманбаева, К. Рыспаев, А. Жээнбеков.

Учурда онлайн-кабылдаманы Кыргызстандын өкмөтүнө ачуу долбоору иштелүүдө.

29 апреля 2013 года

Источник: http://kyrgyztoday.kg/kg/koom/item/24901-120-deputattyin-82si-onlayn-kabyildamaga-kattalyishkan.html