Мындан ары өкмөттүн ар бир жыйыны видео жана аудио түрүндө жазылып, өкмөттүн интернет-сайтына жарыяланат. Эл өкүлдөрү кабыл алган өкмөт ишинин ачыктыгын камсыз кылууну милдеттендирген мыйзамда ушундай шарт камтылган.
Ошондой эле, Жогорку Кеңеш бүгүн унаалардын астыңкы терезелерин караңгылоого карата президенттин сунушун колдоду.
Өкмөттүн ар бир отурумун толугу менен он-лайн түрүндө көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүү керек деген мыйзам долбоорун Дастан Бекешов демилгелеген. Ага ылайык, бардык жыйындар монтаждалбай, видео жана аудого жазылып, сайтка жайгаштырылыш керек. Эл өкүлүнүн пикиринде, бул министрлер кабинетинин ачык жана таза иштөөсүн камсыз кылат.
Дастан Бекешев, Жогорку Кеңештин депутаты, “Ар-Намыс” фракциясы: “Маалыматты эч кандай монтажсыз, ыкчам таратуу — өкмөттүн коом алдындагы ачыктык жана отчеттуулугун камсыз кылууда натыйжалуу механизмдердин бири.”
Депутаттар демилгени колдоого алды. Бирок толук ачыктык болоорунан күмөн санагандар да бар, анткени жыйындар алгач жазылып, андан кийин гана сайтка жайгаштырылат.
Исхак Пирматов, Жогорку Кеңештин депутаты, “Республика” фракциясы: “Жакшы мыйзам, коомчулук өкмөттүн ишмердүүлүгү боюнча теле аркылуу маалымат ала алат. Бул мыйзам иштеп калса, биздин коомчулук өкмөттүн жыйыны кандай өтүп жатканын, эмне маселе чечилип-чечилбей жатканын биле алат. Бирок менде кооптонуу бар, баардыгы ачык болооруна. Анткени өкмөттүн өзүнүн сайтына жайгаштыруусуна ишенич жок, ошондуктан, жоопкерчиликти кароо керек.”
Демилгечи — ачыктык камсыз кылынбаганы үчүн мыйзамда жоопкерчилик каралганын билдирди. Чолпон Султанбекова сот жыйындары да тасмага тартылып, элге көрсөтүлүшү керек деген демилге көтөрдү.
12-сентябрь, 2013-ж.
Источник: http://ktrk.kg/ky/content/okmottun-ar-bir-zhyyyny-internet-saytka-zharyyalanat-video