Кыргыз авиа компанияларын банкротко алып келүү ниети менен чет өлкөлүк авиакомпаниялар билеттин баасын арзандатууда. Мындай билдирүүнү бүгүн парламенттин отурумунда Дастан Бекешев жасады.
«Чет өлкөлүк компаниялар аба каттамдарга бааны түшүрүп, кыргыз аба жүргүнчүлөрүн ташыган компанияларды банкротко кабылса деген максатты көздөөдө. Өкмөт жергиликтүү авиакомпанияларды колдоого алышы шарт. Мен өкмөттөн аба мейкиндигинен орун берүүдө биздин авиа компаниялардын абалын эске алып койсо деп суранат элем», — деди депутат.
Бекешев ошондой эле, 2013-жылы августа кыргыз-орус өкмөттөрү ортосунда Бишкек-Москва, Ош-Москва каттамы боюнча бирге ата-мекендик авиа ташуучуларга катар чет өлкөлүк компанияларга да орун берүү боюнча жетишилген меморандумду эске салды.
«Азыр чет өлкөлүк компаниялар демпинг саясатын баштап, жергиликтүү компанияларды сүрүп чыгарууда. Чет өлкөлүк компанияларга жаңы багыт каттамдарды ачып берсе болот, мисалы Бишкек-Куала-Лумпур», — деди Бекешев.
06/03/2014
Источник: http://kyrtag.kg/news/detail.php?ID=5988