Жүзгө жакын кыргызстандыктын телефону тыңшоого алыныптыр деген талаштуу талкуу күчөдү. Бул «мени да тыңшайбы, телефонум ысып жатат, сүйлөшсөм эле жаңыра берет» деген ар кандай жоромолдорду ого бетер күчөттү.
Быйылкы жылдын январь айынан тарта, райондук соттун чечими менен айрым саясатчылардын, парламент депутаттарынын жана жарандык активисттердин телефону тыңшалгандыгы айтылууда.
Бул иш канчалык мыйзамдуу, адам укуктары бузулдубу же жокпу деген суроо кабыргасынан турган чак. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Би-Би-Сиге кенен маек курду.
Би-Би-Си: Бул эмне болгон тыңшоо эле, качан, эмнеден улам башталды деп жаткандарга иштин чоо-жайын түшүндүрүп берсеңиз.
Дастан Бекешев: Белгилүү болгону азырынча бир эле токтом болуп жатат. Ким билет дагы бир топ токтом, соттун чечимдери бардыр. Үстүбүздөгү жылдын 6-январында Биринчи май райондук сотунун судьясы Чыңгыз Бердимуратов тергөөгө уруксат бериптир. Анда 100дөн ашык жарандын телефонун угуу каралган. Ошол тизмеде парламенттин үч депутаты дагы бар. Соттун чечими, тергөөнүн токтомдору мыйзамсыз.
Биринчиден, ушул токтом, ушул соттун чечиминде октябрь окуяларына таптакыр катышпаган айрым адамдардын фамилиялары бар. Ошол учурда 2021-жылдын 6-январда Конституциянын долбоору референдумга коюлганы жаткан эле. Көбүнчө активисттер, саясий коомдук ишмерлер дал ошол Конституцияга каршы чыгышкан.
Экинчиден, депутаттар негизи ал тизмеде болбошу керек эле. Себеби кол тийбестик бар, кол тийбестикти эч ким алган эмес. Башкы прокурор судьяга кайрылып, угууга уруксатты алса болмок.
Үчүнчүдөн, биз эми террорист, мамлекеттик саткындар эмеспиз. Билбейм, эмне үчүн бизди угат? Биз төңкөрүш кылабыз деген ниетибиз дагы жок болчу. Биз жөн эле жарандык позицияны айттык. Биздин мамлекетте ким бийликке каршы сөз айтса эле, демек, аларга ушундай эле тыңшоолор боло берет турбайбы деп түшүнүп жатам. Менимче бул өтө туура эмес. Керек болсо эл аралык чуу болушу керек. Себеби бул мамлекеттин репутациясына дагы тиешелүү. Булар керек болсо депутаттарга, бизнесмендерге, керек болсо элчилерге, журналисттерге дагы ушундай угууларды коюшу мүмкүн.
Жашыруун маалымат ким аркылуу тарады?
Би-Би-Си: Сиздердеги маалымат боюнча бул тыңшоолор качан башталган деп жатасыздар?
Дастан Бекешев: 6-январдан деп атышат, бирок менимче мурун дагы колдонулган. Бул билинген факт болуп калды. Мурун эле дайыма саясатчыларды угуп эле жүрүшкөн. 2009-жылы да УКМК уюлдук операторлорду, провайдерлерди милдеттендирген.
Би-Би-Си: Сиздеги маалымат боюнча бул кабар кайдан чыгып кетти?
Дастан Бекешев: Эми биз аны айта албайбыз да. Биздеги булактар ошол эле бийликте иштегендер. Алар дагы мыйзамсыз аракеттерди көрүп жатышпайбы. Алар дагы ошого каршы болуп атпайбы. Ошону айтып чыккандан коркушат. Ошондуктан биз дагы айта албайбыз да.
Би-Би-Си: Демек, сиздерге маалымат берген булакты ачыктабайсыздар?
Дастан Бекешев: Жок, жок. Кантип биз ачыктайбыз, бийликте иштегендерди кантип айтабыз?
Би-Би-Си: Адатта сот чечими жок кантип тыңшадыңар деген талап коюлат эмеспи. Бул ирет соттун атайын чечими чыкканы эмнени түшүндүрөт?
Дастан Бекешев: Сот чечими бар, бирок, биз аны билбейбиз. Мүмкүн кече эле мага дагы соттун чечими чыкты, бирок, биз аны билбейбиз. Себеби сот жабык режимде чечим чыгарат. Негизи алар соттун чечимин алыш керек.
Би-Би-Си: Сиз айткандай кимдир бирөөнү тыңшоо үчүн соттун чечими керек болсо, бирок, ал чечим купуя боюнча кала бере турган болсо, анда бул жерде эреже бузулдубу же бузулган жокбу?
Дастан Бекешев: Жок, негизи бузулган эмес. Себеби булар далилдерди сот чечими аркылуу алып, алардын кылмышка тиешеси болсо, соттун жүрүшүндө далилдердин баары көрсөтүлөт. “Мына биз соттун чечимин алдык. Далилдер жөн эле эмес, соттун чечиминин негизинде алынган”, — деп алар мыйзамдуулукту сакташ керек да. Бирок ачык эле айтсак, иш жүзүндө мындай: Эгер мени угуп бир нерсени билип калдыбы, керек болсо арткы дата менен соттун чечимин алышат. Мисалы бүгүн 4-сентябрь. Алар керек болсо августта мени уккан. Алар барып соттун чечимин август айы менен ала беришет. Ал жеңил эле. Аны журналдан каттоосун, датасын өзгөртүп бат эле жасап коюшат.
Телефон тыңшоо мурунтан эле кеңири жайылганбы?
Би-Би-Си: Сиз буга чейин эле саясатчыларды мурун деле угуп келген деп айткан жайыңыз бар. Сиз «буга чейин деле угуп келген» дегенди эмнеге таянып айтып жатасыз?
Дастан Бекешев: Бүт баардык саясатчылар коомдук ишмерлер билишет. УКМК бизди дайыма угат.
Тыңшоодон «кутулуунун» айла амалы…
Би-Би-Си: Сиздер тыңшоо болуп жатканын билсеңиздер кантип коргоносуздар?
Дастан Бекешев: Чаралар бар, аны УКМКда иштегендер дагы билет. Мисалы сүйлөшүүлөр болгондо аны телефонсуз эле сүйлөшүш керек. Же бир офисти табыш керек. Телефонду бир жерге таштайсың, же машинага салып жибересиң. Сен башка жерде жүрөсүң. Ушундайлар бар да эми.
Би-Би-Си: Демек сиздерде дагы ар түрдүү ыкмалар бар экен да?
Дастан Бекешев: Эми бар. Бирок муну ачык эле айтыш керек, бизде жаман ниет жок. Бизде эч качан андай болгон эмес. Биз дагы мамлекет үчүн күйөбүз. Бирок сүйлөшүүлөрдү ушундай жүргүзөсүң. Мисалы, азыр шайлоо учурунда тактиканы телефон аркылуу айтып койсоң, алар аны колдонушат да. Себеби мен билем — УКМК бир партияга жардам берип жатат.
Би-Би-Си: Эгер январда тыңшоо башталган болсо, анда кандай мыйзам бузуу же адам укуктарына каршы келе турган эмне бар?
Дастан Бекешев: Эми негизи оор кылмыш аракеттери үчүн шектелген кишилерден, ушундай тараптардан болуш керек. Биз андай эмеспиз да. «Биз силерге мындай доо коюп жатабыз, силер терористтерсиңер” деген сыяктуу доо болуш керек да. Экинчиден, оор кылмыш аракеттерди кылсак бир жөн. Шектүү деп саналбасак деле токтом чыгарып жатпайбы. Кол тийбестик бар, ошону бузган.
Би-Би-Си: Шектүү же кылмышкер болбогон шартта уккан болсо, муну сиздер мыйзамсыз деп эсептесеңиздер, эми мындан кийинки аракеттериңиздер кандай болот?
Дастан Бекешев: Мамлекетте чындыгында мыйзамдуулук процедуралар иштебейт. Биз аны ачык эле айтышыбыз керек. Мен азыр маалыматтарды чогултуп жатам. Эл аралык деңгээлде бул маселени дагы көтөрөбүз. Мисалы азыр сотко кайрылсаң, соттон баары бир утуласың. Бирок аны дагы өтөбүз. Себеби процедураларды эл аралык деңгээлде көрсөтүш керек да. Мына биз тигил жакка, бул жакка кайрылдык, мамлекет эч нерсе кылган жок. Тескерсинче бийликке иштеп атат деген сыяктуу. Башкалар дагы билсин. Ал процедураларды өтпөсөң, анда эл аралык деңгээлде маселени козгой албайсың. Алар “сен барып биринчи ичинен чечип ал, кандай болсо дагы аны ичинен чечиш керек» дешет.
Би-Би-Си: Тыңшоого кабылган деген адамдардын саны боюнча так тизме барбы? Далил катары колуңузга тийгенби?
Дастан Бекешов: Азырынча жарыя болгон токтом эле бар бизде. Мүмкүн башка дагы токтомдор бар, ошон үчүн биз так айта албайбыз канча киши экенин. Мүмкүн андан көбүрөөк.
Би-Би-Си: Клара Сооронкулова президентке кайрылуу жолдогону маалым болду. Жообу кандай болушу мүмкүн?
Дастан Бекешов: Карайбыз, мыйзамдуу эле болгон дегендей отписка болот. Иш ачылган ошонун негизинде деп айтышат. Бир нерсени түшүнүш керек, бизде авторитардык режим түзүлгөн. Авторитардык режимде, керек болсо бүт баары мыйзамсыз болот. 80% колдогондор эми ошого дагы чыдаш керек, жакыр болсо дагы чыдаш керек. Бир эле жакшы киши бар деп ошону айтыш керек.
Би-Би-Си: Жеке маалымат, кат алышуу укугу мыйзамда корголгон. Бирок ушундай тыңшоолордун натыйжасында, биз ушул тыңшалган адамдардан мамлекеттин коопсуздугуна шек келтире турган, доо кетире турган маалыматты таптык деген жооп чыкпайбы?
Дастан Бекешев: Алар мындай кылышы мүмкүн. Кээ бир активисттер да шайлоого катышат. Ошондо телефондук сүйлөшүүлөрдү чыгарышы ыктымал. Мисалы, досу менен, аялы менен урушканын чыгарышы мүмкүн. “Бул мындай турбайбы, силер жакшы деп ойлоп атасыңар, бул мындай» деп атайын кесип чыгарып коюшу мүмкүн. Коомчулукка уят кылыш үчүн. Мурун андай болгон да бизде, тарыхта бар.
Би-Би-Си: Андан олуттуу, доо кетире турган маалымат чыкпайт деп ойлойсузбу?
Дастан Бекешов: Эми андай чыкпайт. Оор кылмыш аракетин кылбаган соң андай болбойт.
Би-Би-Си бул боюнча Ички иштер министрлигине оозеки да жазуу жүзүндө да кайрылып, жооп ала алган жок.
Акыйкатчы Токон Мамытов тыңшоо иши мыйзамдуу болгонбу, адам укугу бузулганбы же жокпу деген суроого жооп берүү үчүн ийне-жибине чейин иликтөө жана зарыл болсо бир жарым айга жакын убакыт керек деп жатат.
“ИИМден, прокуратурадан, тергөө органдарынан жооп алгандан кийин биз негизин көрүп туруп, ошондо жооп айта алабыз. Мүмкүн негизсиз болгон? Мүмкүн негиздүү болгон. Мүмкүн ошончо кишини угууга тергөөчү мажбур болгон. Себеби иш ачылбай жаткандыр. Балким ошону ачам деп ушундай болгондур? А мүмкүн негизсиз эле ошончо адамдын баарын “бир арабага” салып койгон. Ошондуктан азыр тигиндей болгон, мындай болгон дегенден кармана турайын. Себеби менде азыр прокуратура, ИИМден дагы кабар жок. Мен запросту жаңы жөнөттүм. Алардан кабар түшкөндө бул факты боюнча расмий билдирүү жасайбыз”,- деди акыйкатчы Токон Мамытов.