Акыркы учурда кыргыз саясатчылары кыйрысын ургандай жапырт социалдык түйүндөрдү модага айлантууда. Facebook, Twitter түйүндөрүндө депутаттар менен министрлер интернет айдыңдарды өздөштүрүп, топторду каттоодон өткөрүп жана электораттын симпатиясына ээ болууга аракет көрүшүүдө.
Бир кездерде ал тургай дал ушул социалдык түйүндөрдө жаңы ысымдар пайда болот деген идея дагы бар эле. Батыш саясатчылары социалдык түйүндөрдү популярдулуукка ээ болуш үчүн жана партиялык бренддерин алдыга сүрөш үчүн пайдаланып келишет, ал эми кыргыз саясатчылары кайсы максатты көздөйт? Бул канчалык деңгээлде шайма-шай болуп жатат? Биздин саясатчылар интернеттин жана социалдык түйүндөрдүн ролун түшүнөбү же жөн гана моданын артынан түшүп жатабы? Бул суроого биздин эксперттердин жардамы аркылуу жооп табууга аракет кылып көрдүк.
Иван Донис ("Россия" медиа-борборунун журналисти, News-Asia порталынын редактору)
Менин көз карашымда, биздин саясатчылар соцтүйүндөрдү анын маанисин, максатын толук аңдап түшүнбөй эле пайдаланып жатат. Көп учурда аларды басымдуу бөлүгү үчүн бул кыргызстандыктарды тынчсыздандырып жаткан маселелер жөнүндө билип жана электорат менен сүйлөшүүнүн ордуна эмес, мода катары колдонулууда. Соцтүйүндөр алар үчүн жөн гана мен мындай модалуумун же заманбапмын деген куру мактанычтык. Албетте мындан пайда жок. Мисалы, мурдагы шаар башчысы Өмүркулов менен азыркы калаа башчысы Кулматовду алып көрөлү. Мен алар жеке өздөрүнүн блогдорун же баракчаларын алып барарына ишенбейм. Ошондуктан аларга элдин жазганынан пайда жок. Мен өзүм мэрге байланышууга аракет кылып көрдүм, маселе тууралуу айттым бирок жооп болгон жок. Анда эмнеге ага соцтүйүндүн кереги бар? Албетте кайра байланышка чыкпай эле өзүн жарнамалаш үчүн керек.
Интернет-басылмалардын ачык жактоочуларынын бири катары соцтүйүндөрдү үгүт иштерине колдонуп жүргөндөй таасир калтырган Турсунбай Бакир уулу эске түшөт. Дастан Бекешев көпчүлүктүн арасынан өзүнүн баракчасын туура даярдап кыргызстандыктар менен бир толкунда болууга аракеттенет. Депутат Өмүрбек Абдрахманов Фейсбукка өзүнүн идеяларын үгүттөп активдүү жазып жүрөт. Эгерде Алмазбек Атамбаевдин баракчасы тууралуу айтсам ал жөн гана расмий сайтынын контентин көчүрүп алгандай. Эркин Булекбаев тарапташтары менен байланышуу жана акция уюштуруш үчүн ФБны пайдаланганы жагат.
Бонивур Ишемкулов (таанымал блогер)
Мен муну ар бир эл алдындагы адам социалдык түйүндөрдө өзүнүн баракчасы бар болушу керек болгон жана саясатчы үчүн өзүнүн потенциалдуу электораты менен байланышууга жол ачкан бүгүнкү күндүн желаргысы деп эсептейм. Бирок интернетти негизинен шаары тургундары колдоноорун түшүнүү кажет, айылдарда эмдигиче эле гезит окушат. Эгерде ачыгын айтсам, мен өзүмдүн "Fаcebooke" да саясатка байланышкан баардык досторумду чыгарып салгам, анткени бизде саясатта абдан көп негатив бар, кээде комментарийлерди окуганга мүмкүн эмес, эл кыжырдуу болуп калды. Болбосо мен "Facebook" та жаш депутат Дастан Бекешев бар деп белгилегим келет, мен кээде анын парламенттеги окуялар тууралуу постторун окуп калам. Акыркы учурда социалдык түйүндөрдө көптөгөн жаш активисттер жана саясатчылар пайда болду, бул алар үчүн кайсы бир трибуна. Негизинен мен баардык ыкчам жаңылыктарды "Facebook"тан окуйм, гезиттер менен телевидение ыкчамдык жагынан интернеттен аябай эле артта калат.
Евгений Гуськов (көз карандысыз журналист)
Социалдык түйүндөрдө саясатчылардын болушу шек жок оң жагдай дээр элем. Бул эл саясий ишмердүүлүктү гана көрбөстөн адамдардын ой-пикирин көрүп туруш үчүн жакшы. Бирок социалдык түйүндөрдөгү көптөгөн аккаунттардын ичинен мен ЖКнын депутаты Дастан Бекешевдун ишмердүүлүгүн гана бөлүп көрсөткүм келет. Албетте көптөгөн саясатчылар өз комментарийлерин калтырышат, бирок менин пикиримче дал ушул Бекешев мырза буга өзгөчө көңүл бурат.
Так бир мисалды келтире кетейин. Патенттин баасын көтөрүү тууралуу сөз болгондо мен болгону Дастан Бекешев @лин терип жана өзүмдүн суроомду берүүгө мүмкүн болгон.
Жооп бир сааттан кийин эле келди. Бирок мен аттарын атагысы келбеген айрым депутаттардын ишмердүүлүгү көп суроолорду пайда кылат. Негизинен алардын кээ бирөөсү өзүнүн түз милдетин аткарбайт, алардын посттору сынга толуп кеткен жана жөнөкөй эле суроолорго жооп беришпейт.
Жыйынтыктап айтканда Твиттер менен ФБда Дастан Бекешев бар — бул анын кесиптештери умтула турган стандарт деп да койсом болот.
Талант Эгембердиев (чечендик искусство боюнча тренер, тренинг борбордун директору)
Бүткүл дүйнөдө саясатчылар үчүн социалдык түйүндөр коммуникативдик натыйжалуу курал катары колдонулат, биринчиден- чыгымы аз, экинчиден- көпчүлүктү камтыйт жана ресурс катары абдан ыкчам. Биздин саясатчылар социалдык түйүндөрдүн мүмкүнчүлүгүн акыр аягына чейин түшүнө албай жаткан көрүнөт, башкача айтканда алар аны менен иштегенди биле албай жатышат. . Көптөгөн биздин саясатчылар үчүн Facebook аянтына кирүү тескери эффекти бериши мүмкүн. Ошондуктан биздин саясатчыларга карата ишеним аз жана коомдук мейкиндикке кандайдыр бир туура эмес чыгуу сынды, чагымчыл суроолорду жана ага ылайык тескери комментарийлери пайда кылышы ыктымал. Бул өз кезегинде тигил же бул саясатчыга тескери маанайды пайда кылып коюшу мүмкүн.
Мен кимдир бирөөнү бөлүп көрсөтө албайм, бирок Кыргызстанда социалдык түйүндөрдүн таасири саясатта дагы, социалдык жашоодо дагы көбөйө турганын так айта алам. Анан калса санариптик форматка өтө турган болсок эл үчүн интернет көбүрөөк кеңири колдонула баштайт.
Жыйынтык:
Эксперттер социалдык түйүндөрдө аккаунттарды түзүүнүн негизи максаты пиар деген мааниде бир пикирге келишти. Чечкиндүү түрдө аны туура пайдаланууда натыйжалуу курал экенин, учурда ыкчамдыгы жана калкты камтуу жагынан ага теңдеш жок деп айтууга болот. Бүгүнкү күндө социалдык түйүндөрдө эл алдында жүргөн саясатчынын жоктугу маалыматтык боштукту түшүндүрөт жана аны алардын каршылаштары пайдаланып кетет.
Бул процессти түйүндүн колдонуучусу болбой туруп көзөмөлдөө абдан кыйын. Системада туруп гана жагымдуу саясий имидж түзүүгө болот.
Аккаунттун таанымалдыгынын маанилүү учурларынын бири-ага жаңы кабарламалардын дайыма жазылып турушу. Мисалы, Дастан Бекешев, Өмүрбек Адрахманов, Равшан Жээнбеков, Эркин Булекбаев, Кубатбек Байболов сыяктуу белгилүү саясатчылар өз баракчаларын күн сайын жаңылап, кайсы бир жаңылыкка комментарий берип турушат.
Ошондой эле кыргыз депутаттарынын жана өкмөт мүчөлөрүнүн ондогон баракчалары бар, алардын көбү "Facebook"тай жаңыртылып турбаса дагы саясатчылардын өздөрү карайбы же жардамчылары менен басма сөз кызматтары иш жүргүзөбү деген күмөн ойду жаратып келет. Муну алардын жооптору менен посттордон улам билсе болот.
Кыргызстандын саясий партиялары дагы четке калган жок жана алар дагы интернет баракчаларды активдүү колдонуп жатканын байкоого болот.
PS. Бүгүнкү күндө көптөгөн кыргыз саясатчылары фейсбукка жана твиттерге жетти. Бирок алардын өз баракчасын алып барууга фантазиясы жетпей жаткан өңдүү…
22/05/2014
Ссылка