Өткөн жумада ЖКте мамлекеттик жогорку кызматта иштеген кызматкерлер жана анын туугандарына тийиштүү компаниялары тендерге катышууга тыюу салган мыйзам долбоору үчүнчү окууда жактырылып, президенттин кароосуна жөнөтүлдү.
9-апрелде парламентте КРнын айрым мыйзамдарына толуктоо киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору каралды. Анын ичинде мамлекеттик жогорку кызматта иштеген адамдарга тийиштүү компаниялардын тендерге катышуусуна тыюу салган мыйзам долбоору үчүнчү окууда жактырылды. Ушул маселелердин алкагында аталган мыйзам долбоорун иштеп чыккандарынын бири “Ар-Намыс” фракциясынын депутаты Дастан Бекешев жана Сереп изилдөө институтунун өкүлү Темир Ажыкулов менен талкууладык.
ЖКын депутаты Д.Бекешевдун айтымында, Мамлекеттик тендерлерде ачык айкындуулук жок. Бизде көп эле жогорку кызматтагы кызматкерлер менчик компанияларды ачып, өзүнө же туугандарына каттатып, мамлекеттик тендерлерге катышууда. Алар аркылуу жолдор, мектептер жана башка ишканалар курулууда. Ал эми андай жерлерде көптөгөн каражаттар сарпталат. Чоң сумма ойногон жерде, өөнөп өзүнө пайда түшүргөндөр болууда. Мындай көрүнүштөрдү чектөө максатында жогорудагы мыйзам долбоорун сунуштадык. Аталган мыйзам ЖКтин жалпы жыйынында колдоо таап, президентке жиберилди. Өлкө башчы А. Атамбаев бул долбоорду колдойт деп ойлойм. Анткени мыйзамдын негизги максаты- коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюу.
Бирок тендерге катышууну чектеген мыйзамга каршылар да жок эмес. Алардын бири Сереп изилдөө инстутунун өкүлү Т. Ажыкулов бул долбоордун иштеп кетишине күмөн. Алгач мыйзамды киргизерден мурда, сатып алуу системасын өзгөртүш керек болчу. Алгач ачык айкындуулукту орнотуп,андан соң чектегенде туура болмок дейт. Ошондой эле, ал долбоордун максаты жакшы экенин айтып, бирок чиновниктер жаңы аталыштагы компания ачып алып, бөлөк адамдын наамына жамынып кайра иштете беришет. Алар үчүн эч нерсе өзгөргөн жок деген оюн дагы кошумчалай кетти.
15/04/2014
Шилтеме