Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Дастан Бекешев бүгүн, 7-февралда Бишкек шаарындагы №39 Б.Алымов атындагы орто мекептин окуучулары, алардын ата-энелери, мектеп мугалимдери менен жолугушту. Депутат мектепке 8 компьютер жабдуусун тартуулады.
Депутат Б.Бекешев мектеп залына чогулган балдарга кайрылып, англис философу Фрэнсис Бэкондун «Билим – зор күч, жаңы билим менен кошо чоң күчкө ээ болосуңар. Байлык менен кызмат – колдун кири: акчаны уурдатасың же коротосуң, кызматтан түшүп калышың мүмкүн, ал эми билимди эч ким тартып алалбайт, ал силерге ар дайым кызма кылат» деген накылын эсине салды.
Депатат мектеп мугалимдерине да өз ыраазычылыгын билдирди. «Менин баардык мугалимдерин эсте турат. Балдар, силер дагы өз мугалимдериңерди эстен чыгарбай, алардын берген билими менен тарбыясын алгыла», — деп кошумчалады ал.
Мектептин директору Мавлюда Халикова мектеп келечекте гимназия статусуна ээ болууну пландаштырып ажктанын айтты. Ал эми депутат тарабынан тартууланган техникалык жабдуулар жаңы компьютердик классты жабдууга мүмкүнчүлүк берет.
Балдардын атынан былтыр депутаттын чакыруусу боюнча Жогорку Кеңештеги экскурсияга катышкан 11-класстын окуучусу Элиза Аскербек кызы Д.Бекешевге ыраазычылык билдирди.
07/02/2014
Источник: http://www.kenesh.kg/Pages/ViewNews.aspx?id=285&NewsID=15575