"Кыргызстандагы саясий партиялардын чет өлкөлөр тарабынан каржыланышын чыккынчылык катары кароо керек". Муну депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеңештин 25-декабрдагы отурумунда билдирди. Анын айтымында, алдыдагы парламенттик шайлоо курч мүнөздө өтөт. Анын жүрүшүндө ар кандай мыйзам бузуу фактылары болушу мүмкүн.

“Келерки жылы парламенттик шайлоо өткөнү жатат, Жогорку Кеңеш кылмыш-жазык иштерин жөнгө салчу жети мыйзам долбоорун кабыл алууну тездетиши керек. Кылмыш-жаза иштерин жөнгө сала турган мыйзамдар өркүндөтүлүшү зарыл”,- деди Бекешев.

25/12/2014

Источник: http://www.super.kg/kabar/news/94543/