Оң рулдуу унаалардын биздин өлкөгө кирүүсүнө тыюу салдык, бирок менин оюмча бул жол кырсыктарын азайтпайт — дейт депутат Дастан Бекешов “Марал» радиосуна берген маегинде. Жол кырсыктарын азайтыш үчүн көп аракеттерди жасоо зарыл. Мисалы, жолдордо белгилер жок, кээ бир жол чырактар иштебейт, түн ичинде жарык жок, МАИде коррупция болуп жатат. Коррупцияны азайтыш керек. Ошондон кийин жол кырсыктарынын болушу акырындап төмөндөйт.

Альтернативдүү жолун тапса болот. Мен мындай жолдордун вариантын бергем. Бөгөт коюунун ордуна бажы тарифтерин көтөрсө болот эле. Себеби, биздин мамлекетте оң рулдуу унаалар өтө популярдуу болуп, сол рулдуу унааларга караганда арзан сатылууда. Ошон үчүн мен айткандай альтернативдүү вариантты караштырышса болмок. Мен ушул мыйзамга каршы добушумду бергем.

05-03-2015

Шилтеме