Дастан Бекешев 12 жашынан баштап көрүү мүмкүнчүлүгүнөн толук ажыраган. Жашоонун бул оор сыноосун алгач өтө оор кабылдаган, бирок түшүндө ар дайым жарык нерселерди көрчү. Баардык сабагын «5» деген баага окуган кыргыз уулун бул сыноо сындыра алган жок, себеби ал жашоонун өзүн сүйөөр эле. «Мен жакшы иштерди жасашым керек, билимдүү адам болом»,- деген максаты аны бүгүнкү күндөрдө да жашатып келе жатат.

Ахмадхон Юсупханов, депутаттын жардамчысы:

Дастан Далабаевичте эңнегизгиси бай-манаптык сапатжок.Анынжумуштан чарчадым дегенин уга элекмин, көбүнчө түнгө чейин иштей берет. Биз болсо эртең менен келип анын түндө жазган каттарын алабыз. Негизи биз жазышыбыз керек болгон каттарды деле ал жазып коё. Эч чарчанбаган адам. Үйүнө барсаң кызын ойнотуп, аны багып жүргөнүн көрөм. Ата энесине да жардам көрсөтүп турат дайыма. Өтө жөнөкөй адам , эртең менен жумушка жөө баралы деп айта берет. Эгер аба ырайы жакшы болсо жумушка жөө келебиз. Мен бул инсады өтө сыйлайм.

Жөө баскан ден-соолукка пайдалуу ошол себептен эртең менен жумушка жөө келем.

— Биринчи ишим интернеттеги жаңылыктарды кароого арналат. Почтама келген каттарды текшерем. Жыйналыш болсо катышып, анан ар шейшенби жарандарды кабыл алам. Так иш убактым жок, үйдө да убакыт таап иштей берем, келинчегим кадимкидей таарынат.

— Эс алуу күндөрүмдү башкача өткөрөйүн десем Кыргызстанда ага ылайыктуу эч нерсе жок. Бизде болгону кафе болушу мүмкүн. Досторум менен болгону кафеге барам, кээде келинчегим менен киного барам. Бош кезде шахмат ойноп, китеп окуган адаттарым бар. Бирок көбүнчө, кыздуу болгондон бери кызыма эле шашылып калдым.

«Саясатчыларга кандай мамиле жасоону үйрөнүп калдым»

Жашоодо мен кайгырган учур сөзсүз болот. Айрыкча саясатта болот экен. 2011- жылы агама жала жаап баңгизат менен кармашканда, мен сынып баратып кайра өзүмө келгем. Ошондо саясаттан да кетип калайын деп чечкем. Жашоодокыйынчылык болот экен, бирок жашоо бир берилет сынбаш керек. Азыр баарын өз учурунда бетке айтам. Бирок өкүнбөйм. Саясатка дагы эле көнө элекмин дегеним менен саясатчыларга кандай мамиле жасоону үйрөнүп калдым.

«Жубайымды адамгерчилигине карап сүйүп калгам»

Адамгерчиликтүү адамдарга суктанам, тилекке каршы жакшы мүнөзгө ээ болгон адамдар аз. Жашоодо кайрымдуулук иштерин жасап, өз эрки менен ким бирөөгө көмөктөшүп жаткан бай эмес адамдар таңгалдырат. Мен жубайымды адамгерчилигине карап сүйүп калгам.

«Жакында пианинодо ойноп баштайм»

Мен музыка уканды жакшы көрөм. Кээде достор менен олтурганда гитара чертип ырдап деле коюушум мүмкүн. Эски ырларды жакшы көрөм. Учурдагы ырчылардан Мирбек Атабековдун айрым ырларын угам. Негизи эле музыканы жакшы көрөм. Чет өлкөлүк ырчылардан Кайли Энн Минооугдун жана Жанна Фрискенин ырларын угам. Азыр Жанна катуу ооруп жатыптыр айыгып кетсин. Анан пианинонун үнүн өтө жакшы көрөм. Өзүм пианинодо ойногум келет. Жакынкы аралыкка план да коюп койдум эркин ойноого жетишем деп. Убакыт өткөн сайын адамдын табити өзгөрөт экен, мурун Рок стилиндеги ырларын да жакшы көргөн учурлар болгон.

«Жумушумду хобби катары көрөм»

Мен бала кезимде ырларды жазаар элем. Кийин студент кезимде прозаларды жаздым. Азыр андай өнөрдүн бири да жок. Атайылап олтуруп да жазаалбайсың. Анынүстүнө убакытымдын көпчүлүгү жумушка арналат. Жубайым айрым учурда таарынып калат жумушуңду бизден да жакшы көрөсүң деп. Чынында мен жумушумду хобби катары көрөм, андан чарчабайм. Түн ичинде деле мыйзамдарды чыгарып иштей берем. Мындай жумушта иштеп атканда чарчадым деп даттануу туура болбой калат. Мен адамдарды кабыл алган күнү гана чарчашым мүмкүн. Анткени бир күндө бир нече киши менен баарлашып, алардын арыз- муңун угуп, энергия көп кетет. Алар кеткенде да маселесин чечүү боюнча ойлоносуң.

«Депутат болгондон тарта дискотекага бара албай, кээде үйдөн бийлеп коем»

Депутат болгондон бери досторум менен кафе, ресторан же дагы башка коомдук эс алуучу жайларга бара албай калдым. Буга чейин дискотекаларга да барып койчу элем. Андан да калдым. Бирок үйдөн кээ бир учурда бийлеп коем.

«Маектешимдин маанайын, калпын, чынын үнүнөн сезем»

Мен адамдын жалган айтып жатканын 10 мүнөттүк сүйлөшүүдөн кийин билип алам. Буга чейин психология боюнча китептерди көп окучумун. Ал да жардам берет. Негизинен маектешимдин маанайын үнүнөн билем. Баардык абалы калпы, чыны, ички үнү да үн аркылуу билинип калат.

«Кыздуу болгондон бери жалкоо болуп бүттүм»

Көбүнчө эч кимге нааразычылык деле билдирбейм. Баарына ыраазымын. Былтыр кызым төрөлгөндөн бери эч нерсеге көңүл буруп, бирөөгө да нааразы болбой калдым. Кыздууболгондон бери жалкоо да болуп бүттүм. Азыртүз эле үйүмө барып кызым менен ойногум келет. Эч жакка барбай калдым. Анткени кызымды ойнотуп, эркелеткенден өткөн бакыт жок мага. Мен бактылуумун сүйүктүү кызым менен жубайым, ата- энем, бир туугандарым бар. Өзүм элиме кызмат кылуунун үстүндөмүн.

«Эч ким, эч качан акча менен бактылуу боло албайт»

Көп учурда сен депутатсың, сен байсың деп айтышат. Акчаң көп дешет. Бирок мен өзүмдү акча жагынан баймын деп эсептебейм. Менин байлыгым мен башта айткан ата- энем, биртуугандарым, кызым анан жубайым жана алардын ден соолуктары эсептелинет. Менин негизи жөнөкөй үй- бүлөдө чоңойдум. Учурда бир туугандарымдын экөө тең шофёр болуп иштешет. Апам үйдө ал эми атам жөнөкөй жумушчу. Бирде иштесе бирде иштебейт. Мен аларга да каралашам. Кээде өзүмдүн да акчам жок учурлар болуп калат. Турмушта ар кандай учурларга даяр болушубуз керек. Ошондуктан кызымдын келечегине керектелет деп ай сайын айлыгымдын 10 пайызын бөлүп депозитке салып турам. Айтаар элем, эч ким, эч качан акча менен бактылуу боло албайт. Жашоо бир эле жолу берилет. Бүгүнкү болгон көйгөй эртең эскирип унутулат. Ошондуктан жашоого ыраазы болуп жана бир калыпта жашоо шарт.

«Жашоодо адамдар баардык мүчөсү аман туруп, өздөрүн жакшы ишке арнабагандыктарына таңгалам»

Мен жашоодо адамдардын ден — соолугу жакшы, баардык мүчөсү аман эсен болуп туруп, өздөрүн жакшы ишке арнабагандыктарына таңгалам. Анан мен макул болбогон нерсе, ден соолугу бекем, жашоосу жакшы айтор төрт тарабы төп болуп туруп, бирок адамдардын жаман иштерге өз эрки менен баргандыгы. Жакшы иш жасагандын ордуна тапканын баңги зат сыяктууларга короткондор, мен буларды түшүнө албайм?…

Источник: http://www.saresep.kg/analitika/fotobayan/3431-dastan-bekeshev-maekteshimdin-maanajyn-kalpyn-chynyn-ununon-sezem.html