Кыргызстанда V чакырылыштагы парламенттин мөөнөтү бүтүп баратат. Азыркы Жогорку Кеңеш Кыргызстан парламенттик башкарууга багыт алгандагы алгачкы парламенти катары тарыхта калары белгилүү. Ушул чакырылыштагы депутаттардын арасында өз эмгеги, акылы, идеяга бай жана ишмердүүлүгү менен айырмаланган адамдар жок эмес. Алардын бири – Дастан Бекешев. Биз Дастан мырзанын бир күндүк депутаттык ишине аралашып, жанында жүрдүк.

Биз Дастан Бекешев менен 3-кабатта отурган кабинетинде жолугуштук. Учурашкан соң жыйындар залына кирдик. Ал күн ар түрдүү маселелер жана 26 маселе карала турган сессия күнү болчу. Эл өкүлү жыйындар залына кирер менен төрагалык кылуучу Төрөбай Зулпукаровго “саат 11ден кийин күн тартибиндеги мыйзамдарды, саат 14төн баштап паспорт маселесин карабайлыбы” деген сунушун берди. Бул күнү жыйындар залына 89 гана депутат келди. Каттоодон баары өттү. Анан ар кандай маселелерди кароо башталды. Маселе айтууга жазылган Бекешев Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлүнө кайрылып, 25-майда “Фучик” паркында мыйзамсыз жер сатуу боюнча митинг өткөнүн, мыйзамсыз жер саткандарга кылмыш козгош керек экенин, прокуратура, милиция кызматкерлери ар кандай ишканаларга киришип, баш-аягы жок текшерип жатышканын, бул анархия экенин, алардын финансылык ишмердүүлүгүн финполиция, салык кызматы гана текшерсе деген оюн билдирди.

Ар кандай маселелерде Равшан Жээнбеков Кыргызстанда гепатит С абдан күчөп баратканын, Турсунбай Бакир уулу мектепте сексуалдык билим берүүгө каршы экенин, Данияр Тербишалиев 400 киши оң рулдуу машиналарды кредитке алышканын, алардын мөөнөтү жакында бүтөөрүн айтышты.

11.00. Танапис учурунда Д.Бекешев "НТС" телеканалына чет элдик агенттердин ишмердүүлүгүнө чектөө киргизүү боюнча маек берди.

Анан биз ээрчишип алып кабинетине бардык. Барсак, Аламүдүн районуна караштуу Беш-Күңгөй орто мектебинин 11-классынын бүтүрүүчүлөрү отурган экен. 26 окуучуну үч мугалим менен мектептин директору Гүлнара Ташматова алып келиптир. Дастан Бекешев Улуу Жеңиш майрамына карата ал мектепке барганда окуучуларды Жогорку Кеңештин ичине экскурсия кылганга чакырган экен. Баса, окуучуларды Жогорку Кеңештин ичин көрсөтүү демилгесин мындан 4 жыл мурда Дастан Бекешев баштаган. Ошондо көбү каршы чыгып, “жөн эле иштебейсиңби, окуучуларды бул жерге алып кириштин эмне кереги бар” дешкен. Бирок, Дастан мырза болбой алып келе берип, азыр башка депутаттар да бул саамалыкты улантып калышкан.

Биз кабинетте сүйлөшүп отурганда депутат Дастан Бекешев атындагы фонду бар экенин айтты. Ал фонд аркылуу интернеттен көмөк көрсөтө тургандарды издейт. Былтыр Ж.Бөкөнбаев орто мектебине 2 миң долларлык интерактивдүү доска алып берген экен.

Депутат жардамчыларына тапшырма бергенден кийин Чыгыш залына барып, Беш-Күнгөй мектебинин окуучулары менен кенен маектешти.

“Үйүңөрдө ата-энеңер акчаны үнөмдөгүлө, акча жок деп көп айтышат, туурабы? Көп ата-энелер убакытты үнөмдөгүлө деп айтпайт. Убакытты “Одноклассники” сайтына кирип же баш-аягы жок сериалдарды көрүүгө коротпогула. Эгер силер билимге жакшы сугарылсаңар материалдык жактан да бай болосуңар. Фейсбуктун түзүүчүсү 26 жашында эле миллиардер болгон. Мен мектепти бүткөндө үч окуу жайга тапшырдым. Өтпөйм го деген КРСУга бюджетке өтүп кеттим. Менде анда окуу жайга акча төлөмөк түгүл документ тапшырганга каражатым жок болчу. Ал жерди ийгиликтүү бүтүп, министрликте иштеп жүрүп, 26 жашымда депутат болдум. Ошондо мага “сенин көзүң көрбөйт да, сенин колуңдан эмне келмек эле” деп көп айтышты. А мен колумдан көп нерсе келерин далилдедим. Силер дагы “менин ата-энемдин акчасы жок, эч нерсеге күчүм жетпейт, бизде мындай эмес” деп өзүңөрдү чүнчүтө берсеңер, ийгиликке жетпей каласыңар. Бүгүнкү күн эртең кайталанбайт. Ар бир күндү мыкты өткөргөнгө аракеттенгиле”, — деген депутат Д.Бекешев президиумда окуучулар, мугалимдер менен эстеликке сүрөткө түшүп коюп, жыйындар залына кирди.

11.55. Депутат окуучулар менен жолугушуп келгенин айтып, Өкмөттөн келген адамдарга суроо берүү үчүн тизмеге жазылды. Бул күнү күн тартибинде бир катар маанилүү мыйзамдар бар экен. Д.Бекешев билим берүү боюнча мыйзам долбоорунда министр Эльвира Сариевага суроолорду берип, жоопторун укту. Э.Сариеванын берген маалыматы боюнча 2016-жылдын сентябрь айына бардык окуу куралдарынын электрондук варианты иштелип бүтөт.

12.40та депутат кабинетине барып, аны кабылдамада күтүп турган адамдар менен жолукту. Ошол эле маалда эл өкүлүнө шайлоочулар тарабынан тынымсыз телефон чалуулар болуп жатты. Алардын бири Айнура Абдраева деген аял, эки кичинекей баласы менен жер төлөдө жашап жатканын, бөлмөнүн ичинде чоң труба бар экенин айтып, жашаганга жай таап берүүсүн өтүнүптүр. Муну кандай кылып чечээрин билбей, депутат ойлонуп калды. Аңгыча кимдир-бирөө телефон чалды. Депутат ордунан ыргып туруп, жыйындар залына шашылыш жөнөдү. Баса, аны Байар деген бала коштоп, жетелеп жүрдү. Ал студент кезинде эле эл аралык уюмдардын долбоорунда иштеген экен. Ал эми жардамчысы Айдайды Караколдон конкурстук негизде былтыр алып келген.

Ахмадхон болсо депутаттын эң ишенимдүү адамы. 4 жылдан бери көрөөр көзү, жеңилин жерден, оорун колдон алган жардамчысы. Кыргыз (?), орус, англис тилдеринде мыкты сүйлөйт. Депутаттын үч жардамчысы тең тилдерди мыкты билген, оперативдүү иштеген, документациялар менен жакшы тааныш жаштар экен. Алар билимдүү, акылдуу, идеяга бай болгон үчүн депутаттын жүзү жарык болуп, көп иши башкаларга караганда тез бүтөрүн байкадым.

12.50. Депутат жыйындар залына киргенде 7-депутат болуп отуруп калды. Ага чейин 6 гана депутат калган экен. Мыйзамдар ушунча аз депутаттар менен эле добушка коюлуп калганына таң калдым.

13.00. Танапис жарыяланды. Дастан Бекешев бул убакта өзү, үй-бүлөсү жөнүндө айтып берди. Ал кыргыздарды ашыкча чыгымга алып келген той-аштарды жакшы көрбөрүн белгилеп, көп учурда чакырыктарга барбай турганын айтты. Андан көрө иштеп калганга аракеттенет экен. Бардык мыйзамдарды өзү окуйт. Алардын маанисине түшүнүп, өз көз карашын, сунушун билдирип турат. Депутат кезинде үйлөнгөн, бирок чоң той берген эмес. Жакындары менен эле үйүндө белгилешкен. Анан үйлөнгөнүнүн урматына келинчегин Америкага алып барып келген. Азыр 2,5 жаштагы кызы бар. Дайыма кечинде кызын ойнотот, көп нерселерге үйрөтөт. Алар 10до жатканда өзү түнкү 1ге чейин компьютерде иштейт. Баса, жанына дайыма өзүнүн нэтбугун көтөрүп жүрөт. Андан социалдык сайттарга кирип, көп адамдар менен кат алышат. Жумасына 2-3 жолу спорт залга барып турат. “Көзү көрбөйт, колунан келбейт, айтпай эле коюш керек” деген адамдардын баарын жеңип, өзүнүн мыкты адис, мыйзам чыгаруучу экенин далилдей алган.

14.00. Түштөн кийинки жыйынга 89 депутат катышты. Жыйынга Энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев келип, энергетика системасындагы азыркы абалга токтолду эле, көп депутаттардын мөндүрдөй жаадырган суроолоруна кабылды. Июнь айынан баштап көтөрүлүп жаткан тарифтерге депутаттар каршы чыгышты. Министр энергетика системасын колдоо боюнча кредит алуу сунушу менен келген экен, бирок депутаттардан колдоо тапкан жок. “Кредит алып, сырткы карызды көбөйтө бергенден уялбайсыңарбы? Энергетикадагы ички резервди качан колдоносуңар? Сизди энергетикада 20 жыл иштеген тажрыйбасы бар адис деп колдоп бердик эле, эмнеге эмгиче Ширшовдун коррупциялык схемасын ачкан жоксуз? Эмнеге энергетика боюнча конкреттүү иштер жок?” — дешти депутаттар.

18.00. Дастан Бекешев мурда макулдашылган боюнча Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Джудит Фарнвортту кабыл алды.

Ошентип, биздин бир күндүк ишибиз соңуна чыкты. Дастан Бекешевдин айрым депутаттардан айырмаланып, мыкты мыйзам чыгаруучу, такшалган, жоопкерчиликтүү кадр, интеллектуалдуу инсан экенин байкадым. Анын мындай сапатынан улам кийинки парламенттик шайлоого катышуу үчүн айрым партиялардан сунуштар түшүп жатыптыр.

Ссылка