Премьер-министр Жоомарт Оторбаев Кыргызстандын элине кайрылып, кыш оор болорун, ошондуктан светти үнөмдөп, көмүрдү эртерээк сатып алууга үндөдү. Бул кадам 2009-жылдан 2010-жылга оогон кыщ алдындагы экс-президенттин чакырыктарына окшошуп жаткан жокпу? Деги өкмөттүн мындан башка аргасыз бар беле? Буту-колубуздан бери чырмап алган энергетикалык кризистин пайда болушуна ким күнөөлүү?

— Өлкөнүн премьер-министри Жоомарт Оторбаевдин кайрылуусу жеке менде көптөгөн суроолорду жаратты. Ошонун орчундуулары менен кайра өкмөт башчысына кайрылдым [, дейт Дастан Бекешев].

Биринчиден, Сиздин кайрылууңузда электр энергиясын колдонуу жыл сайын 7-12 пайызга өсүп жатканы айтылууда. Аталган цифралар так эместигине байланыштуу, мен сизден 1990-жылдан 2014-жылга чейин электр энергиясын колдонуунун көбөйүшү боюнча ар бир облус, шаар, район боюнча графикти ачыктооңузду талап кылам. Светти колдонуу эмненин негизинде көбөйүп жатканын да айтып беришиңиз керек. Себеби, 1991-жылдан баштап иштеп турган завод-фабрика же башка өндүрүш ишканаларынын саны кескин азайган, жаңы ачылгандар дээрлик жок. Мен айтпасам деле, 1991-жылга чейин республика ичинде электр энергиясын да ушул завод-фабрикалар көп колдончу эмес беле. Андан бери “Кумтөр” алтын кени жана тигүү цехтеринен башка ири өндүрүш ишканалары ачылган жок го? Анда буга ишкерлик субъектилеринин, үйлөрдүн көбөйүшү себеп болдубу? Анда бул курулуш, ишкерликтен мамлекетке да салык көп түшө башташы керек эле да. Ошого байланыштуу дагы бир суроо туулат? Эгерде электрди керектөө көбөйүп жатса, анда эмнеге энергетикалык компаниялар ар дайым бааларды көтөрүү керектигин сунуштап келишет? Электрди колдонуу көбөйсө буларга да каражат көп түшө баштайт да, андан тышкары булар республикалык бюджеттен дотацияланат, жабдууларын оңдогонго кредиттер бөлүнөт.

Экинчиден, Сиздин кайрылууңузда: “…Электр энергиясын керектөөчүлөрдүн 12-15 пайызын майда бизнес өкүлдөрү түзөт (унаа жуугуч, сауна, комерциялык киосктор, оюн-зоок борборлору ж.б.)”,- деп айтылат. Андай болсо, салыктарын жеңилдетүү жолу менен бул субъектилерди энергиянын башка түрүнө өтүүгө кызыктырса болобу?

Үчүнчүдөн, сиз электр энергиясын үйун жылытуу үчун колдонуп жаткан үч фазалуу абоненттерди өчүрүүгө мажбур экениңиздерди айттыңыз. А бирок, абоненттин светти үйүн жылытуу үчүн колдонуп жатканын же колдонбогонун кантип билесиздер? Энергокомпаниянын кызматкери муну кантип аныктайт?

Мен мына ушул суроолор боюнча Жоомарт Оторбаевдин жообун күтөм. Кайрылуум ачык болгондуктан, өкмөттүн маалымат сайты аркылуу жооп берүүнү талап кылам.

21/08/2014

Ссылка