Жогорку Кеңештин 11-июндагы жыйынында депутаты Дастан Бекешев интернат, балдар үйлөрүнүн электр кубатына болгон тариф маселесин көтөрдү.
Депутаттын айтымында, бүгүнкү күндө интернаттар менен балдар үйлөрүнө электр кубатына болгон тарифтер өндүрүш ишканаларыныкы менен бирдей коюлуп калган. “Бул туура эмес. Муну кайра карап чыгыш керек. Алардын карызы көбөйүп баратат, кантип төлөйт алар?”, -дейт депутат.
Жыйындын жүрүшүндө депутат Майрамгүл Тиленчиева айыл жерлеринде электр кубатын колдонуучулар дагы көбөйүп жаткандыгына токтолду. Депутат муну менен катар, айрыкча, бийик тоолуу аймактарда эскилиги жеткен трансформаторлорду кубаттуулугу жогору болгон трансформаторлорго алмаштыруу мезгилдин талабы экендигин белгиледи. “Чыгышэлектро”, “Түндүкэлектро” ишканалары электр кубатын элге сатып эле тим болбостон, элге сапаттуу кызмат көрсөтүшү керек. Электр кубатына болгон элдин муктаждыгы күчөп жаткан учурда кошумча трансформаторлорду коюп, авариялык абалдагы электр линияларын калыбына келтирүү зарыл”,- деди ал.
11-06-2015
Ссылка