Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев “Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана анын колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү” боюнча мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизсе көзү азиз адамдардын кызматка орношуусу кыйынырак болуп калат деп эсептейт. Мыйзамга өзгөртүүлөр президенттен баштап, айыл аймагынын башчысына чейинки жогорку кызмат адамдарын мамлекеттик тилден сынак берүүгө милдеттендирет. Расмий жолугушуулар мамлекеттик тилде жүргүзүлөт. Мыйзам долбоору мамлекеттик бийликте жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында иш кагаздарынын түп нускасын мамлекеттик тилде даярдоону талап кылат.

[media id=14]