Кыргызстанда административдик иштерди кароо мөөнөтүн 30 күндөн 10 күнгө кыскартуу керек. Бул тууралуу бүгүн парламенттик угууларда “Ар-Намыс” фракциясынын депутаты Дастан Бекешев билдирди.
Эл өкүлү белгилегендей, мындай жаңы киргизүү республикага мезгилден артта калбоого шарт түзмөк. Депутаттын айтымында, дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө административдик иштер 3 күндүн ичинде каралат. “Бул маселеде тездетүү керек, антпесе биз мурдагы мезгилдегидей мындай маселелерди айлап чечебиз”, — деп баса белгиледи Д.Бекешев.
Эскерте кетсек, бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары КР ЖКнын депутаттары Дастан Бекешев жана Ширин Айтматова демилгелеген мыйзамдын долбоорун талкуулап жатышат.
Биринчи кезекте долбоор жол-транспорт кырсыктарын кыскартууну, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоону жана айып санкцияларын жогорулатуу аркылуу жол кыймылынын эрежелерин милдеттүү түрдө аткарууга жетишүүнү сунуштайт.
18/02/2014
Источник: http://kabar.kg/kyr/JK/full/57349