Жогорку Кеңештин 30-октябрдагы жыйынында депутат Дастан Бекешев өкмөттүн айрым мүчөлөрүнүн кечигип ант бериши мыйзамга каршы экенин айтып чыкты.
"Мыйзам боюнча өкмөт мүчөлөрү кызматка дайындалган күндөн кийин 2 аптанын ичинде ант бериши керек. Эми булардын антын алуунун зарылчылыгы жок",- деди Бекешев. Муну айрым депутаттар да колдошту.
Төрага Асылбек Жээнбеков өкмөт мүчөлөрү ант бере турган учурда депутаттар каникулга чыгып кеткенин, буга байланыштуу ант берүү аземи артка жылганын билдирди.
30/10/2013
Источник: http://www.super.kg/kabar/news/37039/