КР Жогорку Кеңешинин депутаты Дастан Бекешев ЖК эл аралык иштер боюнча комитетине Россия парламентине Кыргызстандын мигранттары тууралуу кайрылуу жөнөтүүнү тапшырууну сунуштады. Бул тууралуу ал 23-октябрдагы пленардык жыйында айтты.
Д. Бекешевдин пикиринде, Россияда соттор мигранттарга карата аларды кармай элек эле чечим чыгарып коюшууда.
«Россиялык парламентарийлерге бул туура эмес экендигин түшүндүрүү керек. Алар мигранттар эң негизги душман деген пикирди жаратышууда. Кылмышкердин улуту болбойт», — деди ал.
23-октябрь, 2013-ж.
Источник: http://kabar.kg/kyr/society/full/51858