Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев («Ар-Намыс») саламаттыкты сактоо министрине талапкер Талантбек Батыралиевден, эгерде аталган кызматка дайындалып калса кайсы медициналык кызматтар акысыз, ал эми кайсы кызматтарга акы төлөө керектигин тактап жана түшүндүрүп берүүнү сурады.

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитетинин бүгүн, 4-ноябрдагы жыйынында саламаттыкты сактоо министрине Талантбек Батыралиевдин талапкерлиги каралып жатат.

Ооруканаларга кайрылган жарандар көпчүлүк учурда кандай кызматтарды акысыз негизде алууга боло тургандыгын билишпейт, деди депутат.

«Поликлиникаларда ачыктуулук жок. Бардык ооруканалардын, поликлиникалардын материалдык абалы оор экендигин түшүнүү керек, бирок чоң суммадагы расмий эмес төлөмдү жарандар дарыгерге операция жасагандыгы үчүн төлөшөт. Биз буга көнүп калдык, бирок бул нормалдуу эмес. Калк үчүн кайсы медициналык кызматты акысыз, ал эми кайсы кызматтар жарандардын өзүнчө категориясы үчүн экендигин такташыңыз керек», — деген эл өкүлү, милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондун мисал келтирип, бардыгы акысыз деп айтылганы менен бардыгы эле акысыз кызмат ала албайт, деп кошумчалады.

04/11/2014

Ссылка