Бүгүн, 25-ноябрда парламенттик экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында "Ар-Намыс" фракциясынан депутат Дастан Бекешев ыктыярдуу патенттин базалык ченемин төмөндөтүүнү сунуш кылды.
Анын айтымында, ишкерлер үчүн анча пайдалуу болбогон ишмердүүлуктүн түрлөрү бар. "Мисалы, нан бышырган цехтерге караганда, алкоголь чыгарган пайдалуу. Нан бышыруучу жайлардын патент баасын 10 миң сомдон 5 миң сомго чейин арзандатуу керек, ошондо гана бул тармак ишкер үчүн киршелүү болмокчу",-деп белгиледи Бекешев.
Ал ошондой эле Бишкектеги турак жай фондунун үчтөн бир бөлүгү ижарага бериле турганын эскертти. "Бирок салык толбой калып жатат. Анын баары көмүскөдө. Каракол шаарын эле алып көрөлү, канча батир кышкысын ижарага берилип жатат, бирок эч ким салык төлөбөйт",-дейт депутат.
26/11/2014
Ссылка