Кыргызстанда оор жана каражатты көп талап кылган операцияга муктаж жарандарга жардам берчү мамлекеттик кайрымдуулук фондун түзүү Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев тарабынан сунушталууда.

Кыргызстанда операция үчүн каражатка муктаж, чамасы чак адамдардын саны арбын. Жогорку Кеңеш ошондой жарандарга каржылык жардам көрсөтүүчү мамлекеттик кайрымдуулук фондун түзүүнү сунуштоодо. Бул үчүн “Мамлекеттик филантропия" боюнча токтом долбоору иштелип чыгып, аны парламенттин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо комитети колдоого алды. Демилгечи депутат
Дастан Бекешевдин белгилешинче, фонд Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдында түзүлөт. Ага түшкөн жана коротулган каражат тыйынына чейин сайтта ачык көрсөтүлүшү керек.

Дастан Бекешев сунуштап жаткан токтомдун долбооруна ылайык, Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдында кайрымдуулук фонду түзүлүп, камкордук кеңештер көзөмөлгө алат. Анткен менен медициналык жардамга өтө муктаждарды иргеп алуунун жол-жобосу ачык-айкын эмес дегендер да чыгууда.

Ушул тапта жүрөк, боор, бөйрөк, рак оорулуулар арасында чукул операцияга муктаж адамдардын саны өлкөдө ондоп саналат. Айрым операцияларды Кыргызстанда жасоого мүмкүн болбогондуктан Казакстан, Орусия, Түркия, Индия, Кытай өңдүү өлкөлөргө барууга мажбур. Мындан сырткары Кыргызстан жана Түркия өлкөлөрүнүн өкмөт аралык келишимине ылайык, жылына жүз кыргызстандык бекер дарылануу мүмкүнчүлүгүн алышкан. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, 2015-жылда дарылануу үчүн 450 арыз түшкөн, бүгүнкү күнү кезекте тургандардын саны 300гө жетти.

Булардан сырткары президент, премьер-министр өз фондунан муктаж адамдарга 100-200 миң сомдой каражат бөлүп келет. Бирок мындай адамдар саналуу гана. Айрымдар бөлүнгөн каражат деле толук, өз убагында алуу кыйын экенин белгилешүүдө.

Шилтеме

18-02-2016