Ден соолуктун айынан арга издеген замандаштарыбыздын айрымдары жергиликтүү шартта дарыланбастан, чет мамлекеттердеги дарыгерлердин жардамына муктаж болгон учурлар арбууда. Бирок, бул жагынан алардын бардыгынын эле шарты маселени чечүүгө кудуретсиз. Андай болгон соң, ар кимиөз алдынча каражат жыйнап, бийлик бутактарындагы адамдарга, колунда бар кишилерге кайрылууга муктаж. Мындан улам, ар кандай медициналык операцияларды чет өлкөлөрдө жасатууга туура келген кыргызстандыктар каражаттарды которуу өтүнүчү менен жарыяларды маалымат каражаттары аркылуу таркатышууда. Демөөрчүлөрдү издеп, концерттерди, таратып сатууну, кайрымдуулук марафондорду өткөрүшүүдө. Ал эми айрым учурда КР Президентине, Жогорку Кеңешке жана Өкмөткө кайрылуу менен пресс-конференцияларды өткөрүүгө чейин барууда. Ушундай орун алган кырдаалдан улам, депутат Дастан Бекешев “Мамлекеттик филантропия жөнуңдө” токтом долбоорун даярдап, коомчулуктун талкуусуна койгондугун бүгүн, 10-февралда “Парламент” радиосуна курган маегинде билдирди.

“Азыркы шартта жеке жактарга, же бир уюмдарга, жалпы коомчулукка жардам сурап кайрылгандардын текши маселесин чечүү кыйын. Ошондуктан, бул маселени мамлекет өзү колго алып мамлекеттик филантропиянын негизинде кайрымдуулук фондун түзсө деген сунуш көтөрүлүп жатат,- дейт Д.Бекешев. -Ошондой эле Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы менен эриш-аркак аракеттенүү фонддун натыйжалуу ишинде кошумча колдоо болор эле”, -дейт эл өкүлү.

Программанын жүрүшүнө катышкан КР Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевдин ырасташынча, сунушталып жаткан мамлекеттик деңгээлде түзүлүүчү кайрымдуулук фондунун болгону жакшы. Болбосо, чет мамлекеттерге бөйрөк алмаштыруу багытында операция жасатууга барабыз деп саламаттык сактоо министрлигине кайрылгандардын эсеби элеөткөн 2015-жылдын 25-декабрына карата 59 кишини түзгөн.

“Бир гана операция жасатуу үчүн эле эмес, протездик аппараттарды алууга деп Социалдык өнүгүү министрлигине, тубаса оорулардын айынан окуй албай калган балдардын көйгөйүбоюнча Билим берүү жана илим министрлигине кайрылгандар көп. Ошондуктан, депутат Д.Бекешевдин сунуштап жаткан демилгеси колдоого алаарлык”,- деп өз көз карашын ортого салган министр Т.Батыралиев маселенин актуалдуулугун белгиледи. Андан тышкары ал дүйнөлүк алкакта саясый чек аралар калган менен, ден соолук жаатындагы чек аралар мындан 30 жыл мурда эле алынып салынгандыгын билдирди.

Такыбалардын ыктыярдуу кайрымдуулуктарынын аркасында КМДБ кайрымдуулукка арналган кыйла каражаттарды топтойт. КМДБнын макулдугу менен бул каражаттардын бир бөлүгү муктаж болгон кыргызстандыктар үчүн дарылоону жана медициналык операция жасоону каржылоого жумшалышы мүмкүн деген сунуштардын айланасында КР мусулмандар диний башкармалыгын өкүлү, муфтийдин орун басары Акимжан Эргешов да ой бөлүштү. Анын айтымында, 2014-жылы фитир садакадан 7 млн. сом жыйналган болсо, ал эми 2015-жылы ал сумма 20 млн. сомдон ашкан. “Мунун өзү элибиздин кайрымдуулук иштерине активдүү катыша баштагандыгынын далили”,- дейт муфтийдин орун басары.

Ошондой эле кайрымдуулук фондунун каражаттарын толуктоонун дагы бир булагы катары лотереяларды өткөрүүгө мамлекеттик монополияны киргизүү, алардан түшкөн каражаттарды дарылоого жана операция жасоого жумшоо жагынын сунушталып жаткандыгын депутат Д.Бекешев да кошумчалады.

Ссылка

11-02-2016