Жогорку Кенештин депутаты Дастан Бекешев бүгүн, 20-январда парламенттин жыйынында "Дастан" заводун индиялык инвесторлорго сатууну сунуштады.

2016-жылдын 20-январында парламент Кыргыз Республикасы менен Индия өкмөтүнүн ортосундагы аскердик кызматташууну ратификациялоо боюнча маселе каралып жатканда депутат Дастан Бекешев “Дастан” заводун россиялык инвесторлорго эмес, Индияга сатуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуштады.

“Учурда Россияда экономикалык кризис болуп жатат, ошондуктан Индия өкмөтү бул заводко кызыгышы мүмкүн.”-, — деп эскертти Дастан Бекешев.
Ал эми Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Марат Кенжисариев мындай мүмкүнчүлүктү жокко чыгарбастыгын билдирди.

20-01-2016
Шилтеме